Оштун Араван районунда «Кыргызстан коммерциялык банкынын» банкоматын талкалап, 900 миң сомду уурдап кеткендер изделип жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя райондун борборунда, Ленин көчөсүндө 10-февралга караган түнү болгон.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине ошол замат катталган. Бир айга чукул убакыттан бери шектүүлөр табыла элек.