Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Шыкмаматов: Күч түзүмдөрү Сегизбаевди коргоп жатышат


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Күч түзүмдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев тарапка өтүп алышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Эл өкүлү мындай пикирин «Белизгейт» ишинин жашыруун грифи алынбай жатканы менен негиздеди:

- Сегизбаев буларга кандайдыр бир кызматка док кылып жатабы, жашыруун грифти айтышпайт, күнөөсү бар-жогун да айтышпайт. Болгону маалыматты жаап, иш козгоодон баш тартып, камкордукка алышты. Бирок мыйзам деген мыйзам. Эртели-кеч ал жооп берет.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Башкы прокуратура саясатчылардын аты аралашкан кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы «жашыруун» деген грифти алып салуу сунуш кылынган. Андан бери үч ай өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG