Ал эми балдар тарбияланган мекеменин директору буга макул эмес. Алексей Петрушевский жетектеген реабилитациялык борбордо негизинен ата-энеси жок, кароосуз калган балдар баш калкалайт.
Бишкектин Биринчи май районундагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборун бала бакчага өткөрүү боюнча демилге көтөрүлгөндөн бери бул жерде тынчтык жок. Мекеменин жетекчилиги ансыз да ата-энесиз тарбияланып жаткан балдардын көрө турган күнү кандай болооруна кабатыр.
Ушул жерде тарбияланып, кийин борбордун алкагында курулган жатаканада баш калкалап жаткандар да борборду бала бакчага айлантууга нааразы. Алардын арасында 20 жаштагы Кубанычбек Талдыбеков дагы бар.
- Бул жакка келгени жумушка кирдим, окуй баштадым, - деди ал. - Бул жактын жабылайын деп жатканы бизди абдан өкүндүрүп жатат. Анткени кайра эле көчөдө калуу коркунучу бар. Бөлмөдө төрт бала менен жашайм. Кээси окуйт, айрымдарыбыз иштейбиз. Мени тогуз айымда апам таштап кеткен. Кийин атам да таштап кетиптир. Экөөнү билбейм. Көрүнгөн жерде чоңоюп, көп кыйынчылык көрдүм.
Эртелей турмуштун запкысын көрүп калган Кубанычбек Талдыбеков кайра эле азап күндөргө кайтууну каалабайт. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган Кубанычбек бул жерге 16 жашында келген. Ата-энесинен эрте ажыраган маектешим 18 жашка толгондон кийин ушул эле борбордун алдында демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулган жатаканада жашап келет. Беш жыл мурун түптөлгөн жатаканада балдар 23 жашка чейин тура алышат. Анда азыр Кубанычбек өндүү 40тан ашык тургун бар.
Эки ай мурун мэрияда атайын түзүлгөн комиссия борбордо тарбиялангандардын саны аз экенин белгилеп, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатканын негиз тутуп бул имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Бирок мекеменин директору Алексей Петрушевский бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деген божомолун ортого салды:
- Биринчи май райондук соту, райондук ички иштер бөлүмү бала бакчанын имаратында отурат. Анан бизди жабыш керек экен. Эмненин негизинде? Бул жерде жеке кызыкчылыктар бар. Балдарды ойлошкон деле жок. Мурда милиция кызматкерлери рейддин негизинде табылган кароосуз балдарды бизге алып келишчү эле, азыр антпей калышты. Муну баары максаттуу түрдө жасалып жатат.
Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашап жатат. Кыйынчылыкка кабылгандар Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келип баш калкалайт. Эгер борбор бала бакчага айланса, бул жердин тарбиялануучулары башка балдар үйүнө которулушу керек. «Алты айдан бери ооруканада жатып, ушул маселенин айынан эки күн мурун жумушка чыктым» деген Алексей Петрушевский бул ишти ушул бойдон калтырбай турганын билдирди:
- Биздин өлкөдө кыйын кырдаалга кабылган балдардын маселеси дагы эле актуалдуу. Көчөдө канча бала жоголуп, канчасы каза таап, канчасы зордук-зомбулукка дуушар болуп жатат? Андайларга биз колдон келишинче жардам берип жатабыз. Норвегияда мындай борборлор эки бала үчүн болсо да иштейт. Анткени алар ошол жердин жараны. Мен азыр президентке кат жазып жатам. Керек болсо Гаага сотуна, БУУга чейин кайрылам.
Балдар жана жаштарды реабилитациялоо борборун бала бакчага өткөрүү боюнча демилге көтөргөндөрдүн арасында шаардык кеңештин үч депутаты бар. Алардын бири Алмаз Уланов жагдай боюнча төмөнкүлөрдү айтты:
- Бул стандарттуу эле муниципалдык бала бакча болот. Анткени бүгүнкү күндө бала бакчалар аз. Бул боюнча көптөгөн тургундар да кайрылып келет. Бул жерде балдар толбой жатканын да караш керек. Мындан тышкары соңку жылдары Петрушевский борборду өзүнө менчиктештирип алгандай мамиле кылып калды. Дайыма өзүн жарнамалайт. Бүгүнкү күндө 21 баланы тарбиялап жатышыптыр. Болжолу бир жылдан бери абал ушундай. Бюджеттин акчасы үнөмсүз сарпталып жатат. Биз борборду бала бакчага өткөрүүгө мажбурлайбыз. Бул боюнча чечим жакынкы күндөрү чыгат. Ал эми жатакана боюнча маселе жок. Ал иштей берет. Реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан балдар болсо башка балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Алар азыркыдай эле тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз болушат. Эч кандай маселе болбойт.
Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. Борбордун директору билдиргендей, имараттын кем-карчынын 70 пайызы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен толукталат.