Бул тууралуу билдирген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңы кодекстерди ишке киргизүүдө өткөөл мезгил каралбай калганын айтып, жол эрежелерин бузуулар үчүн каралган айыптарды төлөөдө жеңилдиктер сунушталганын белгиледи.
Жаңы кодекстерди иштеп чыккан эксперттик-жумушчу топтун мүчөлөрү өкмөт андагы кемчиликтерди түзөтүү боюнча бир жарым жылдан бери үн катпай келип, эми андагы алешемдиктер үчүн айыпты мыйзамдар топтомун иштеген тарапка оодарып жатканына нааразы болушту.
Өкмөт башчынын орун басары Жеңиш Разаков жаңыдан күчүнө кирген кодекстерди мыйзамдарга шайкеш келтирүү жана алардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн үч мыйзам долбоору иштелип чыгып, өткөн жылдын аягында парламенттин кароосуна жиберилгенин билдирди.
Ошондой эле премьер-министрдин буйругу менен жаңы кодекстердеги келип чыккан мүчүлүштүктөр менен алешемдиктерди иретке келтирүү үчүн Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнү белгилүү болду.
Жеңилдиктердин "желаргысы"
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айрыкча жол эрежелерин бузуулар боюнча кодекстеги айып пулдарды өндүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди:
- Укук бузуулар тууралуу кодексте өткөөл мезгил каралбай калган. Ошону ордуна келтирдик. Бүгүнкү күндө чогултулган материалдардын баары каралып жатат. Жол эрежелерин бузуу үчүн айып салууда юридикалык жана жеке тараптарга эки башка өлчөмдө айыппул киргизилген. Бул да кодекстин кемчилиги. Азыр биз ошону теңдештирип, жеке тараптарга салынган өлчөм гана калып жатат. Ал эми айыппулдарды төлөтүү мөөнөтү боюнча биз айдоочуларга жеңилдиктерди карадык. Эгерде жол эрежесин бузган айдоочу салынган айыппулду бир ай ичинде төлөсө, анда ал каралган айыппулдун жарымын гана төлөйт. Бул өзгөртүүлөр дагы жакында күчүнө киргизилет.
Буга чейин коомчулукта жол эрежелерин бузуулар үчүн каралган айыппулдардын өлчөмүнүн өтө эле чоң экени боюнча маселе талкууланып келе жатат.
Мындан сырткары коомдук жайларда түкүргөн жоосун үчүн чоң өлчөмдө айып пул салууну караган жагдай дагы катуу сынга кабылган. Ошол эле кезде коомчулукта Кылмыш-жаза кодексиндеги, жазык-процессуалдык кодексиндеги жаза чаралары жана жаза мөөнөттөрү боюнча маселе талаш-тартыштарга жем таштаган.
Жаңы кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү, юрист Баатыр Сапарбаев өкмөт жаңы кодекстердин иш жүзүндө колдонулушун анализдеп, кемчилигин оңдоого кенен убакыт болсо дагы, ага кайдыгер мамиле кылып келгенин белгиледи:
- Бул жаңы кодекстер иштелип чыгып, кабыл алынганына бир жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Мамлекеттик органдар ошондон бери эч кандай иш кылышкан жок. Качан гана жаңы кодекстер күчүнө кирерге бир ай калганда кыймылдай башташты. Бир жарым жылдан бери алар эмне жумуш кылышты? Жаңы кодекстердин иш жүзүндө колдонулушун анализдеп, кемчиликтерин таап, аларды жоюу боюнча иштер мурда эле болушу керек эле да. Ошонун айынан азыр эми башаламандык чыгып жатат. Биз иштеп чыккан кодекстердин долбоорлору менен өкмөттөн, парламенттен таанышып чыгышып, эч кандай доомат айтылган эмес. Эми анан бир топ кошумча-алымчалар киргенден кийин анын кемчиликтери чыгып жатпайбы.
Ошол эле кезде эксперттик-жумушчу топ алар жаңы кодекстердин концептуалдык бөлүгүн иштеп чыгууга катышып, кийин өкмөттөн, парламенттен бир топ оңдоолор, толуктоолор жана өзгөртүүлөр болгону белгиленди.
Жаңы кодекстерди ишке киргизүүнүн алдында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков президенттин катышуусундагы жыйында мыйзамдар топтому менен иштөөгө бардык укук коргоо органдары даяр экенин айткан.
Жоопкерчиликтин "жоболоңу"
Ал эми юристтер өкмөт жаңы кодекстерди иш жүзүндө колдонуудагы айрым алешемдиктер менен кемчиликтерди эксперттик-жумушчу топко оодара койгону туура эмес экенин айтышты. Юрист-эксперт Аслан Кулбаев бул жагдай тууралуу мындай деди:
- Баштары каткандын себеби ошол кодекстердин негизинде 200гө жакын мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилиши керек эле. Алар өзгөртүлүп, жаңы кодекстерге ылайык шайкеш келтирилип, жаңырбаса, анда жаңы кодекстердин иштеп кетиши кыйын. Өкмөт муну быйыл 1-январга чейин эле иштеп чыгып, бардыгын такташы керек. Жаңы кодекстердин кайсы бир алымча-кошумча болгон беренелеринде маселе болушу мүмкүн. Бирок ошонун бардыгы өкмөттө, андан кийин парламентте каралган да. Эмнеге ошол учурда жаңы кодекстердин кемчилиги көзгө көрүнгөн эмес?
Ошол эле кезде эксперттик жумушчу топ тарабынан да жаңы кодекстердин иш жүзүндө колдонулушуна байкоо жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Мониторингдин негизинде кодекстердеги кемчиликтер менен алешемдиктер аныкталып, аларды оңдоо жана иретке келтирүү боюнча сунуштар иштелип чыга турган соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик жыйында талкууланды.
Парламент 2017-жылы кабыл алган жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жосундар тууралуу кодекс жана укук бузуулар тууралуу кодекстер быйыл 1-январдан күчүнө кирген.