Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Кол тийбестик: эки анжы кылган мыйзам


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган сүрөт. 2017-жыл
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган сүрөт. 2017-жыл

Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда экс-президенттердин артыкчылыктарын алып салууга байланыштуу талаш-тартыш күчөдү.

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бул мыйзам кабыл алынганга чейин экс-президент макамын алгандарга жайылтылбай турганын кыйытты.

Ал жоопкерчилик менен чектөөнү караган мыйзам артка иштебей турганын айтып, Конституциянын үч беренесин мисал келтирди.

Жогорку Кеңеште экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жана анын саясат менен алектенишине чек койгон мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылган.

"Мыйзам артына иштебейт"

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу жана анын өзгөчө артыкчылыктарын алып салууга байланыштуу мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, ал экс-президент макамын алган мурдагы мамлекет башчыларына иштейби деген журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда Эркинбек Мамыров мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө анын Баш мыйзамдын талаптарына шайкештигине көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жоопкерчиликти күчөткөн жана чектөөлөрдү киргизген мыйзам артка иштебей турганын белгиледи:

- Буга байланыштуу Баш мыйзамдын 6-20-28-беренелери бар. Конституциянын 28-беренесинде жоопкерчиликти күчөтө турган мыйзамдын ченемдери артка иштебейт деп турат. Ал эми Конституциянын 6-беренесинде "жаңы милдеттерди же оорлотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук актылар өткөн мезгилге карата колдонулбайт" деп турат. Мына ошондуктан бардык мыйзамдар жана мыйзамдык ченемдер Баш мыйзамга шайкеш болушу керек.

Бирок Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова Баш мыйзамдын 6-20-28-беренелерин экс-президенттердин чексиз кол тийбестигин сактап калууга укуктук негиз катары кароого болбойт деп эсептейт.

Ошондуктан ал Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровдун бул жагдайда жоопкерчиликти караган мыйзамдар артка иштебейт деген түшүндүрмөсүнө макул эмес. Анткени ал Конституциялык палата өзү буга чейин тиешелүү мыйзамдагы экс-президенттин чексиз укугун караган ченемдин Баш мыйзамга каршы келерин тааныган деген пикирде.

Чексиз кол тийбестикти чектөө ченеми

Клара Сооронкулова мыйзамга киргизилип жаткан укуктук ченем, буга чейин чейин экс-президент макамына ээ болгон адамдарга карата кандайча иштей турганы боюнча түшүндүрмө берди:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

​- Мыйзам артка иштебейт деген бул жаңыдан кире турган юридикалык жоопкерчиликке гана. Бул жерде мыйзамдын процедуралык укуктук-ченемдери кабыл алынып, экс-президенттин макамы өзгөртүлүп жатпайбы. Мыйзам артына иштебейт деген принцип жок. Ошондуктан өзгөртүү туура эле.

Анан дагы "Мыйзам ченемдик актылар тууралуу" мыйзамда "мыйзам артка иштебейт, эгерде иштелип чыккан ченемде башкача көрсөтүлбөсө" деген шарт бар. Мыйзамда ошол ченемдин өткөн учурга карата иштөөсүн жанагы процедуралык өзгөртүүлөр киргизилгени менен көрсөтүп коюшат. Бул жерде укуктук ченемди колдонууда эч кандай маселе чыкпайт. "Мыйзам артына иштебейт" деген жүйө болсо, анда эмне экс-президент А.Атамбаев мыйзам процедуралык жактан толук өзгөрсө деле чексиз кол тийбестик укугу менен отура бермек беле. Бул укукка дагы, акылга дагы сыйбайт.

Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестигин жана өзгөчө артыкчылыктарын караган укуктук ченем 2007-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген учурда эле алып салынганын мисал келтирди.

Бирок буга байланыштуу мыйзам кала берген. Аны Баш мыйзамга шайкеш келтирүү боюнча 2012-2014-жылдары мыйзам долбоорлору сунушталып, бирок орто жолдо кала берген.

Депутат Курманкул Зулушев ошондуктан жаңы мыйзам долбоорунун иштөөсү атайын арткы мөөнөт менен белгиленгенин айткан:

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

- "Бул мыйзам 2007-жылдын апрель айынан баштап иштейт" деген ченемди атайын киргизүүнүн себеби 2003-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдагы 12-берененин мазмунун ичине камтыган ченем 2007-жылдагы өзгөртүү учурунда толугу менен алынып салынган. Ошондуктан Баш мыйзамды негиз кылып, биз мына ошол арткы мөөнөттү киргиздик. Ал эми мыйзам өзү 2012-жылы алынып салынып, күчүн жоготкон. Эгерде мыйзам өзү Баш мыйзамга каршы келсе жана иш жүзүндө күчүн жоготкон болсо, анан кантип аны шайкеш келтирүү ченемдери артына иштебей калсын? Ошондуктан мыйзам чыгаруу органы анын 2007-жылдан бери колдонулушун белгилеп коюшу керек.

Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдагы экс-президенттин чексиз кол тийбестигин караган 12-беренени алып салып, аны мамлекет башчысы кезинде жасаган иштери үчүн кылмыш жообуна тартуунун тартибин аныктаган өзгөртүүлөрдү экинчи окуудан жактырган.

Анда мурдагы мамлекет башчысына айып коюп, жоопко тартууга уруксат берүү үчүн парламент депутаттарынын 3/2 добушу талап кылына турган ченем киргизилди. Ошондой эле экс-президент макамындагы адам мамлекеттик же саясий кызматты ээлөөгө, партиялык ишмердик менен алектенүүгө чек коюлган.

22-февралда болуп өткөн маалымат жыйынында депутат Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДП партиясынын тизмесин жетектеп бара турганын жарыялады.

Эгерде парламентте талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев макамын жоготуп, кол тийбестиктен ажырашы мүмкүн.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Канатбек Керезбеков бул укуктук ченемге төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген:

- Экс-президент эгерде мамлекеттик же саясий кызматка барса, партиянын ишмердиги менен алектенсе, анда ал макамын жоготуп, кол тийбестигинен ажырайт. Эгерде ага аралашпаса, анда анын макамы сакталып кала берет. Бул жерде альтернатива бар. Анын кайсынысын тандайт, экс-президент макамы бар адам өзү билет. Депутат Акылбек Жапаров сунуштаган мына ушундай ченемди биздин комитет колдоп, парламенттин кароосуна алып чыкты.

Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамды өткөн жумада экинчи окуудан жактырган. Парламенттин регламентине ылайык, мыйзам үчүнчү окуудан кабыл алынса, ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG