Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Экс-президенттен кол тийбестикти алуу аракети


Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өлкөнүн экс-президентин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча быйыл жаздан бери көтөрүлүп келген демилге бышып, ага байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде каралды. Комитет "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Долбоорду иштеп чыккан депутаттык топтун мүчөсү Исхак Масалиев бул демилгенин жалгыз максаты - азыркы мыйзам талаптарын Баш мыйзамга шайкеш келтирүү экенин билдирди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Эң негизгиси - биз 12-беренени жокко чыгарып жатабыз. 2011-жылы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жиберген болчу. Кийин 2014-жылы Адилет министрлиги ушундай долбоорду бизге жөнөтүп, бирок бизге жетпей өкмөттө калып кеткен. Ошондуктан бул жаңылык эмес, бул мурунку адамдар өздөрү сунуш кылган долбоор. Азыр биз Конституцияга дал келтирүү үчүн сунуш киргизип жатабыз, - деди Масалиев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Курманкул Зулушев 12-беренени алып салууну мындайча негиздеди:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Ал мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу залал тийгизген адам расмий бийлик укуктарын өз кызыкчылыгына колдонуу коркунучун жокко чыгаруу максатын көздөйт. Ошондой эле коррупциялык кылмыштарды кылган адам жазадан кутула албай турганын камсыз кылуу максатында тиешелүү өзгөртүү сунушталып жатат.

Мындан сырткары, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу тууралуу сунуштар бар. Экс-президентке карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулат. Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Негизи экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын тыянагы жарыяланганда көтөрүлгөн эле. Анда парламент кабыл алган токтомдо мурдагы президенттен мындай артыкчылыкты алып салуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу каралган болчу.

Андан соң Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырган. Конституциялык палата парламент комитети жаңы жокко чыгарган “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесин Баш мыйзамга каршы келет деп таап, анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеген.

Ошондон бери эле “бул мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган” деген божомолдор айтылып келет. Анткени Кыргызстандын эгемендик тарыхында Сооронбай Жээнбековду кошкондо беш президент алмашса, анын алгачкы экөөнө - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге экс-президент макамы берилген эмес. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге гана экс-президент деген макам берилип, алар мыйзамда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан пайдаланып келишкен.

Ал эми кол тийбестиктен ажыратуу аракеттери мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин учурдагы бийлик менен мамилеси начарлаган учурга туш келди. Ошондуктан айрым эксперттер “бул мыйзам долбоору кандай максатты көздөгөн күндө да “Атамбаевге каршы багытталды” деген шектенүүнү жарата берет” деген ойдо турушат. Алардын бири - "Сереп" иликтөө борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу.

- Ар бир жаран кылмыш кылса кандай гана болбосун сот алдында жооп бериши керек, - дейт ал. - Бул туура. Бирок акыркы саясий жараяндардын көз карашынан караганда “экс-президент” дегенде кимге багытталганы белгилүү болот. Башка мурдагы президенттер өлкөдөн чыгып кеткен. Убактылуу өкмөттү башкарып, экс-президенттикти алган адамдын жолу башка. Ошондуктан ал буга чейинки президентке тиешелүү болорун баары түшүнүп жатышат. Кандай гана максатты көздөбөсүн, ошондой түшүнүктү жарата берет.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү саясатташтырбоо зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, бул мыйзамды эртедир-кечтир Конституцияга ылайыкташтырыш керек болчу.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Бул мыйзам долбоорун Алмазбек Атамбаевге байланыштыруу туура эмес, - деди Сооронкулова. - Себеби, буга чейин 2011 жана 2015-жылы эки жолу "мыйзамдагы 12-беренени жана кепилдиктерди алып салыш керек" деп өкмөт парламентке сунуш кылган. Ал учурда белгисиз себептерден улам парламентте талкууланып келип эле кабыл алынбай калган. Ошондуктан азыр бул маселени ашкере саясатташтыруу туура болбой калат.

Эми “Мыйзам долбоорун парламент жактырса, ал буга чейинки экс-президенттерге тиешелүү болобу же мындан кийинкилери үчүн гана иштейби?” деген суроо да пайда болду. Мыйзамдын демилгечилеринин бири Исхак Масалиев буга чейинки президенттердин коррупциялык же башка бейчеки иштери аныкталса кылмыш ишин козгоого азыр деле уруксат бар экенин билдирди:

- Адамдын тагдырын оорлоштуруп, кылмыш боюнча чараны күчөткөн нормалардын артка күчү жок болушу керек. Бул мыйзамда андай белгилер жок. Ошондуктан “кабыл алынган күндөн тартып гана күчкө ээ болот, мурдагы иштерге таасири болбойт” деген туура эмес. Анан калса башкы прокурордун азыр деле мурунку президентти жоопко тартууга мүмкүнчүлүгү бар.

Азырынча кол тийбестикти алып таштоо боюнча демилге туурасында өлкөдөгү экс-президенттер өз ойлорун айта элек. Ал эми парламент аталган мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү жалпы жыйында талкуулап, чечим кабыл алышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG