Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Кыргыз улакчылары Сауд Арабиясында оюн көрсөтөт


Улакчылар. Архив. 15-март, 2017-жыл.
Улакчылар. Архив. 15-март, 2017-жыл.

Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы Сауд Арабиясында “Төө фестивалына” ("Camel Festival") катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

- "Көкбөрүнү чет жерде жайылтууда жакшы жумуш жүргүзүлбөй жатат" деп айтышууда. Алдыдагы биздин бара турган сапарыбыз кыргыз көкбөрүсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биздин аттар жана улакчылар Сауд Арабиясында өтө турган фестивалга даярданып жатат. Бирок ал жерде жалаң эле көкбөрү эмес, Көчмөндөр оюндарында өткөн улуттук спорт түрлөрү да болот, - деди Жыргалбек Саматов.

Саматовдун айтымында, фестивалга катышуу ниетин 95 мамлекет билдирген. Аталган иш-чарада көкбөрү оюну көргөзмө катары гана ойнолмокчу.

- "Улакчылар кантип барат?" деген суроого жооп берсем, баары Сауд Арабиясы тарабынан каржыланып жатат. Бизден 100дөн ашык ат барат. 75 ат көкбөрүнүн аттары, калганы каскадерлордуку. Алардын баарын учак менен алып барабыз. Атайын чиптер орнотулуп, аттарга паспорт даярдалды. Ветеринарлар текшерип жатышат. Улакчыларга да атайын учак келет, – деди Саматов.

Улакчылардан сырткары аталган фестивалда улуу көчмөн күрөшү, алыш күрөшү да көрсөтүлөт.

"Төө фестивалы" 9-19-мартта Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын алкагында өтөт. Анда ар бир өлкө өзүнүн маданиятын, каада-салтын, улуттук оюндарын көрсөтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG