Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Каракол: окуучунун өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды


Каракол шаары.
Каракол шаары.

13-февралда Каракол шаардык соту шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүшүндө каралып жаткан материалдардын негизинде, кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан беш баланы камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Д.А., А.А. жана К.А. карата бөгөт чарасы катары эки айга камакка алуу тандалып алынды, ал эми Т.Т. жана Т.Э. бир айлык мөөнөткө камакка алынды. 14-февралда Каракол шаардык соту киши өлтүрүү боюнча шек саналып жаткан калган үч баланын бөгөт чарасын карайт.

12-февралда мектеп окуучусун өлтүрүү боюнча шектүүлөр кармалган. Маркум менен шектүүлөр бир мектепте окушчу. Шектүү катары 16-19 жаштардагы сегиз бала кармалган. Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, маркум менен шектүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестик болгон. Тергөөнүн материалдарына ылайык, өч алуу максатында балдар маркумду түнкүсүн үйүнөн чакырып чыгып, таяк менен сабашкан.

Бул факт Каракол шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш тергелип жатат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган. (AsM)

XS
SM
MD
LG