Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Сауд Арабиясы кыргызстандыктар үчүн ажылыкка квотаны көбөйттү


Каабанын тегерегиндеги зыяратчылар. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Каабанын тегерегиндеги зыяратчылар. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлдү. Ал облустардагы калктын санына жараша бөлүштүрүлүп берилет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, быйыл ажылыкка барыш үчүн 7562 киши катталды. Ажылыктын баасы азырынча белгисиз.

- Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигине кат жибергенбиз. Азырынча алар көрсөтүлчү кызматтардын баасын айта элек, - деди Атабаев.

Атабаев белгилегендей, зыяратчыларды эмдөө үчүн сынак жыйынтыкталып, аны “Фарватер” фирмасы утуп алды. 15-февралда ажылар кие турган бирдиктүү кийим-кече тигүүчүлөрдүн сынагы аяктайт.

Былтыр Кыргызстанга 5485 квота бөлүнүп, ажылыктын баасы бир кишиге 2890 долларды түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG