Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сирия: ИМ тобу көзөмөлдөгөн жерден тургундар качып чыгууда


Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан качып чыккандар. 11-февраль, 2019-жыл.
Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан качып чыккандар. 11-февраль, 2019-жыл.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону болуп саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын баштаганына беш күн болду.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Бали билдиргендей, бир күндө эле бул аймактан 600 жайкын тургун качып чыкты. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы акыркы бир суткада дагы 350 киши жихадчылардын чордонунан качууга үлгүргөнүн маалымдады. Качкындардын көбү аялдар менен балдар. Араларында украиналык жана орусиялыктар бар экенин "France Presse" агенттиги кабарлады.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" божомолу боюнча Багхуз аймагында эки миңдин тегерегинде жайкын тургун жана 600дөй согушкер болушу мүмкүн.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы экстремисттик топ көзөмөлдөп келген акыркы аймактар бошотулаарына аз калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG