Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

ИИМ: бала сатуу боюнча иш сотто каралып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ымыркайды сатуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү катары жети киши аныкталды. Алардын төртөө камакта отурат.

Буга чейин тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөлөргө сатылганы айтылган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 2018-жылдын 7-сентябрында жарыялаган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматтары боюнча уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүрүшкөн. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Киши сатуу") менен иш козголгон.

Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14ү сотко жеткен. Бирок соттон кандай чечим чыкканы жана жазага тартылгандардын саны боюнча маалымат жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG