Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Москва Ирактан орусиялык 27 баланы алып кетти


Ирактан орусиялык балдарды алып кетүү операциясы. 30-декабрь, 2018-жыл.
Ирактан орусиялык балдарды алып кетүү операциясы. 30-декабрь, 2018-жыл.

Орус бийлиги энелери Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганы үчүн соттолгон 27 баланы алып кетти. 10-февралда 4 жаштан 13 жашка чейинки 27 баланы салган учак Ирактан учуп чыккан. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги ал балдардын "Ислам мамлекети" тобуна кошулуп кеткен аталары ирак армиясы менен жихадчылардын ортосундагы согушта курман болушканын билдирген.

Кремль январь айында Иракта 10 жашка чейинки 150, ал эми 11 жаштан 17 жашка чейинки 17 орусиялык бала бар экенин маалымдаган.

Быйыл 6-январда Казакстан да 30 баланы жана аял-эркек болуп жалпысынан 47 кишини Сирия менен Ирактан алып келген. Аны казак бийлиги “эвакуация” деп атап, президент Нурсултан Назарбаев бул операция жеке өзүнүн тапшырмасына ылайык, “өнөктөш мамлекеттин жардамы менен” ишке ашканын айткан.

Орусия менен Казакстан Жакынкы Чыгыштагы согушкерлерге кошулуп кеткен ондогон аялдарды жана алардын балдарын былтыр да алып келген.

Кыргызстан да Сириядагы жарандарынын тек-жайы жана саны боюнча тактоо иштерин баштаганын Тышкы иштер министрлиги 1-февралда “Азаттыкка” билдирген.

"Кыргызстандын Сирияда элчилиги жок болгону ал жактагы кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүдө жана бул маселе боюнча иш алып барууда кыйынчылык жаратып жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан министрлик Кувейттеги, Түркиядагы элчиликтердин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин шериктеш байланыштары аркылуу кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү жагынан чара көрүп жатат" деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин былтыркы июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.

XS
SM
MD
LG