Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды


Американын президенти Дональд Трамп
Американын президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды. Бул тууралуу Truth Social cоциалдык тармагы аркылуу билдирди.

"Орусия Украинаны согуш талаасында толугу менен “талкалап” жатканын эске алып, мен ага (Москвага) каршы кеңири масштабда банктык санкцияларды жана бажы төлөмдөрүн киргизүүнү олуттуу түрдө караштырып жатам. Бул чектөөлөр Украина менен Орусия ортосунда ок атышууну токтотуу жана тынчтык келишими түзүлмөйүнчө күчүндө болот. Орусия жана Украина, кеч болуп кала электе сүйлөшүүгө келгиле!" - деп жазды Трамп.

Орусиянын бийлиги Трамптын соңку билдирүүсүнө реакция жасай элек.

АКШ лидеринин бул билдирүүсүн Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак дароо кубаттады. Ал "Москванын Батыштын жана башка өлкөлөрдүн катуу санкцияларына дуушар болушун колдойбуз. Эгерде Орусия чындап эле согушту бүтүрүүнү кааласа Украинага каршы чабуулдар дароо токтотулушу керек", - деп Телеграмдагы баракчасына жазды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-мартта социалдык тармактар аркылуу жасаган билдирүүсүндө Орусия жумага караган түнү Украинанын аймагына 70ке жакын канаттуу жана баллистикалык ракета, 200дөй дрон менен чабуул коюп, энергетикалык объектилерди жана турак жайларды бутага алганын айткан. Ал согушту токтотуу үчүн биринчи кадам катары абада жана деңизде тынчтыкты камсыздоону сунуштады.

Орусиянын Коргоо министрлиги армиясы "жогорку тактыктагы курал менен" Украинанын газ-энергетикалык инфратүзүмдөрүнө сокку урганын ырастады. Мекеменин жүйөсүнө караганда, бул жайлар Украинанын аскердик-өндүрүш комлексинин ишин камсыздаганы үчүн чабуулга кабылды.

Трамп 20-январда кызматка киришкенден көп өтпөй "салык, бажы төлөмдөрү жана санкциялар" аркылуу Москваны сүйлөшүүгө келүүгө аргасыз кыла турганын айткан, бирок азырынча бул чаралар ишке ашырыла элек.

Трамп согушту токтотууну негизги максаттарынын бири катары белгилеп, акыркы үч жылдагы АКШнын саясатын түп-тамырынан өзгөртүүдө. Ал буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен түз байланышып, эки өлкөнүн делегациялары Сауд Арабиясында жолугушкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG