Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Сот Коргонбай уулун мандаттан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарды


Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

Бишкектин район аралык соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Соттун чечими 1-февралда чыккан. БШКнын маалымат бөлүмү кабарлагандай, алар бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз берүүгө камданып жатышат.

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 2018-жылдын 19-декабрында аны мандатынан ажыраткан. 26-декабрда БШК бул чечимге каршы даттанган Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анда Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнү Мамлекеттик чек ара кызматы аркылуу тастыкталганын билдирген эле.

Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, сотко кайрылган.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG