Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

"Тергөө Бирдиктүү реестрден башталат"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.

Жаңы мыйзамдар жана бирдиктүү реестрдин иши жалаң эле көпчүлүк эл эмес, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн өздөрүндө да түшүнбөстүк жаратууда. Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын прокурору Саламат Исаев ушул тема боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри Башкы прокуратурада экен. Ал кантип иштеп жатат жана кайсы органдар реестрге материалдарды каттайт?

Саламат Исаев: - Бул система борборлоштурулган серверде орнотулган. Ал сервер Башкы прокуратурада. Республиканын бардык укук коргоо органдары ушул системаны колдонушат. Алар - Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол), Мамлекеттик бажы кызматы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК). Кылмыштардын же жоруктардын баары бирдиктүү реестрге катталып турат. Реестр эки бөлүмдөн турат. Биринчиси - маалыматтарды каттоо журналы. Кылмыш же жорук тууралуу маалымат телефон аркылуу келип түшсө же арыздануучу арыз жазса, ошол маалымат адегенде кылмыштарды каттоо журналына түшөт. Жаңыдан күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодекстин талабына ылайык, тергөөчү 24 сааттын ичинде текшерүү жүргүзүп, эгер кылмыш курамы бар болсо экинчи бөлүмдө, тактап айтканда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Ага каттоо кылмыш иши же жорук иши боюнча тергөө башталат дегенди туюнтат.

«Азаттык»: - Быйыл 1-январдан тарта күчүнө кирген кодексте кылмыш ишин козгоо деген түшүнүк алынып салынган. Азыркы жаңы кодекс боюнча бирдиктүү реестрге катталып, тергөө башталды деп айтуу кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөбү?

Саламат Исаев: - Ооба. Бул мындай да. Буга чейинки Кылмыш-жаза кодексинде «кылмыш ишин козгоо» деген институт бар эле. Тергөөчү же прокурор кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом чыгарып, ошондон кийин тергөө башталчу. Азыркы жаңы кодексте ал нерсе жокко чыгарылган. Азыр маалымат келип, ал 24 саат ичинде текшерилип, реестрге түшкөнү ошол маалымат боюнча кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. Сотко чейинки тергөө иштери башталат.

«Азаттык»: - Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри онлайн түрүндө иштейт жана ачык болот деп күтүлүп жатпады беле? Мисалы, мен бирдиктүү реестрди Интернеттен тапкан жокмун. Реестрди кантип көрсө болот?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламат Исаев: - Бул система менен укук коргоо органдары иштейт. Бирок анын өзүнүн ачык порталы да болот. Мисалы, жаран арыз жазгандан кийин анын арызын каттаган кызматкер ага кабарлоо талонун берет. Ошол талондо QR-код деген бар. Азыр элдин көбү смартфон колдонуп калбадыбы. Смартфондо QR-кодду сканерлей турган мобилдик тиркеме болот. Ошону сканерлегенден кийин арыздануучуга шилтеме берилет. Ошол шилтеме аркылуу арыздануучу өзүнүн арызы кайсы даражага жеткенин, кандай чечим кабыл алынганын карап, байкап тура алат.

«Азаттык»: - Өкмөт бул системаны киргизүү аракетин көрүп жатканда көпчүлүк каттоого алынган бардык кылмыш-жоруктар ачык болот деп түшүнгөн. Ал негизи баарына ачык жана онлайн болушу керек беле?

Саламат Исаев: - Бул системаны даярдап, ишке киргизүүгө кыска мөөнөт берилди. Аз убакытта көп нерселерди жасап жетишпей калдык. Буюрса, системага жаңы модулдар, функциялар кошула берет. Алдыда эми бул системада жарандар үчүн ачык маалыматтарды көрсөткөн портал да болот.

«Азаттык»: - Ошондо кайсы материалдар ачык, кайсылары жабык болот?

Саламат Исаев: - Келечекте кылмыштуулуктун абалы, канча кылмыш иши козголгону, канча маалымат катталганы тууралуу маалыматтар ачык болот. Азырынча так айта албайм. Ал маселе караштырылып жатат.

«Азаттык»: - Өкмөт буга чейин былтыркы жылдын декабрь айынан тартып «бирдиктүү реестр тест түрүндө иштейт» деп билдирген. Азыр бул система кандай түрдө иштеп жатат? Сыноо мөөнөтү бүттүбү?

Саламат Исаев: - 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы мыйзамдар ишке киргенине байланыштуу бул система толук иштеп жатат. Былтыр, 2018-жылдын сентябрынан тартып Кылмыштардын электрондук китепчеси пилоттук режимде иштеген. Ал эми Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри өткөн жылдын аягында тест түрүндө бир аз иштеди. Бирок анда чыныгы маалыматтар кирген эмес. Сыноо иретинде эле системаны текшерип, үйрөтүү режиминде болгон. Азыр Бирдиктүү реестрге кандай гана кылмыш жана жорук болбосун, ошол маалыматтардын баары катталат. Бирок башта айтып өткөндөй, 24 сааттын ичинде текшерилип, эгер кылмыш курамы бар болсо ал бирдиктүү реестрге түшөт. Бул нерсе кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт, тергөө башталат. Эгерде кылмыш курамы жок болсо каттоодон чыгарылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG