Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:41

Москва соту америкалык жаран Уиланды камакта калтырды


Пол Уилан.
Пол Уилан.

Москва шаарынын соту тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиланды бошотуу жөнүндө арызды четке кагып, аны 28-февралга чейин камакта калтырууну чечти. Уиландын Орусиядагы адвокаты Владимир Жеребенков бул чечимди сотто талашаарын айтты. Анын алдында адвокат Уиланды кармаганда жанынан мамлекеттик сырдуу маалыматтар табылганын билдирген. Адвокаттын айтымында, купуя маалыматтар ага кантип түшкөнү, өзү ал тууралуу билип-билбегени белгисиз.

Шейшембидеги сотту утурлай АКШнын Москвадагы элчилиги консулдун Уилан менен жолугуша албаганына кабатырлыгын билдирди.

АКШ армиясынын мурдагы жоокери былтыр 28-декабрда Москвада кармалган. Федералдык коопсуздук кызматы ал тыңчылык кылган деп шектенүүдө. Уилан өзү дооматтарды четке кагып жатат.

Орусиялык айрым аткаминерлер аны АКШда кармалган орусиялыктар Виктор Бут менен Мария Бутинага айырбаштаса болорун айтышууда. Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров андай мүмкүнчүлүктү четке какты.

XS
SM
MD
LG