Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Сабалган наристенин апасынын психикалык саламаттыгы текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө үч жаштагы наристе сабалганы атайын рейд учурунда аныкталды. Бул тууралуу 19-январда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө инспекциясы үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында рейд жүргүзгөн. Иш-чара өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашоо шарты оор балдарды аныктоо максатында уюштурулган:

- Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесинен жараат алган бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда ал медициналык жардам алып жатат. Териштирүү учурунда бала 31 жаштагы апасы жана таенеси менен жашары белгилүү болгон.

Нусупова “баланын апасы психикалык жактан жабыркайт экен” деп тарап жаткан маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо иши жүрүп жатканын кошумчалады.

Топтолгон материалдар райондук акимчиликтин балдар боюнча комиссиясына жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG