Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Азия кубогу: Кыргызстан финалдын 1/8 бөлүгүндө ойной турган болду


Кыргызстандын курама командасы Филиппинди уткандан кийин. 16-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын курама командасы Филиппинди уткандан кийин. 16-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда плей-оффко чыкты. Алар 16-январда "С" тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди.

Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түздү.

​Бир аз убакыт мурда “D” тобундагы үчүнчү оюндар аяктады. Вьетнамдын футболчулары Йемен командасын 2-0 эсебинде утту жана голдордун айырмасы боюнча Кыргызстандан артта калды. Бул "E" жана "F" топторундагы акыркы оюндардын эсеби кандай аяктабасын, Кыргызстан финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноого укук алды дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстан плей-оффтогу биринчи оюнун 21-январда Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен ойнойт. Азыркы саатка карата 1/8 финалда ойной турган 16 команданын 12си аныкталып калды.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат. (SDz)

XS
SM
MD
LG