Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Британ парламенти Брекзитти четке какты


Брекзитке каршылардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.
Брекзитке каршылардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.

Британ мыйзамчыларынын Брекзит келишимине каршы добуш бергени Лондондо саясатты курчутту. Шаршембиде өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралат.

Премьер-министр Тереза Мэйдин кабинетине ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлүп, Британия кандай жолду тандай турганы талкууга түштү. Британ парламентинде шейшембиде өткөн добуш берүүдө Брекзит келишимин 202 гана депутат колдоп, 432си каршы чыкты.

Британдардын алдында өкмөттү кызматтан кетирүү, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү, Брекзит жараянын узартуу, кайрадан референдум өткөрүү сыяктуу бир нече жол турат.

Эгерде шаршембидеги добуш берүүдө өкмөткө ишеним көрсөтпөө колдоо тапса, эки аптанын ичинде жаңы өкмөт куралышы керек. Эгер өкмөт түзүлбөй калса, анда мөөнөтүнөн мурун шайлоо жарыяланат.

Британ саясатчылары өлкөнүн Евробиримдиктен бөлүнүшүн караган Мэйдин келишим долбоору жетиштүү колдоо таппайт деп алдын ала эле божомолдоп жатышкан. Күтүлгөндөй эле парламентте мыйзамчылардын басымдуу бөлүгү Брекзитке каршы добуш беришти.

Брекзитке каршы демонстрант британ парламентинин имаратынын сыртында. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.
Брекзитке каршы демонстрант британ парламентинин имаратынын сыртында. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.

Премьер Мэй добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгон соң чечкиндүү кадам таштап, оппозицияны өзү жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароого үндөдү.

“Парламенттин төмөнкү палатасы кандай добуш бергенин өкмөт көрдү. Бирок мен палатадагы бардык тараптарды бул маселенин чечилишин күтүп жаткан британдардын үнүн угуп, ал үчүн өкмөт менен иштешүүнү өтүнөм”, - деди Мэй.

Өкмөткө ишеним көргөзбөөнү добушка коюуга оболу оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидерлери кызыкдар. Добуш берүү шаршембиге белгиленди.

Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин ​“добуш берүүнүн жыйынтыгы - бул өкмөттүн 1920-жылдан берки эң олуттуу жеңилишин көрсөттү”, - деп өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин коёрун айтты.

Мэйдин өкмөтү бир нече айдан бери сүрөп жаткан келишим долбоорун 202 гана депутат колдоп, 432си каршы чыкты.

Добуш берүүнүн мындай жыйынтыгы өлкөдө саясий жана экономикалык туңгуюк дагы уланат дегенди түшүндүрөт. Парламенттеги добуш берүүгө сырттан туруп, көз салгандардын бири Ричард Стиден өз кооптонуусун мындайча билдирди.

- “[Өкмөт] 200дөн ашуун добуш жоготот деп – эч ким күтпөсө керек эле. Кайда барып такалдык? Ким билет? Биз туңгуюкка кептелдик. Оппозиция бөлүнүп-жарылса, өкмөттүн деле кырдаалды жөндөөгө идеясы жоктой. Эми алдыдагы күндөрү эмне болорун көрөбүз го” - деди британ жараны.

Тереза Мэй британ парламентинде сүйлөп жатат.
Тереза Мэй британ парламентинде сүйлөп жатат.

Премьер Мэй буга чейин бир нече жолу эскерткендей, Брекзит – Түндүк Ирландия менен Шотландиядагы улутчул күчтөрдүн чырагына май тамызып, Британиянын өзүн коркунучка кептеген.

Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта чыгышы керек.

Келишимдин четке кагылышы, иш жүзүндө Брекзит жараяны токтотулбаса, Британия Евробиримдиктен макулдашууга жетишпей бөлүнөт дегенди билдирет.

Британдар саясий жана экономикалык шериктештиктен макулдашуусуз кетсе, анын кесепети эбегейсиз болот деген кооптонуу бар. Аны Брюссель дагы эскерткен.

Премьер Мэй кийинки кадамдары тууралуу кандай планы барын азырынча ачык айта элек.

Брюссель Лондонго келишим шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын буга чейин эле билдирген.

Тереза Мэй жаңы шайлоо же референдум өткөрүүнү туура көрбөй турганын айткан. Коомдук пикирди билдирген сурамжылоого караганда, көпчүлүк британдар эми Брекзитке каршы добуш беришет.

2016-жылдын июнь айында өткөн референдумда добуш бергендердин 52% Европа Биримдигинен бөлүнүүнү жакташкан.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG