Буга чейин президент да кодекстерди оңдоп, айрым айыппулдардын өлчөмүн азайтуу зарылчылыгы бар экенин моюнга алган. Бирок бийликтин толук ишке кире элек кодекстерди кайра өзгөртүүгө даяр болгону да сын пикирлер менен коштолууда.
Жаңы беш кодекс менен эки мыйзамга өкмөттүн карамагында түзүлгөн атайын эксперттик комиссия бир жылга жакын талдоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мыйзамдардагы бир топ карама-каршылыктар жана кемчиликтер аныкталган.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кабарлагандай, аларды жөнгө салыш үчүн Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору жиберилди.
- Мыйзам мындан кийинки мөөнөткө жазылбайт, - деди ал. - Технология, шарт, заман өзгөрүп жатат. Ошого жараша мыйзам да өзгөрө берет. Жогорку Кеңешке айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Мисалы, Тартип бузуу жөнүндө кодексте автоунааны мас абалында айдагандарга 17 миң 500 сом айып салынып жатат. Ошол эле учурда айдоочунун ичимдик ичкен-ичпегенин аныкташ үчүн аны медициналык кароодон өткөрүш керек. Эгер айдоочу андан баш тартып койсо ал 5500 сом айып төлөйт. Бул туура эмес. Бул рулга мас болуп отурган айдоочуларга жеңилдик түзүп берет. Биз медициналык кароодон баш тарткан айдоочуларга салынчу айыпты 17 миң 500 сомго көбөйттүк. Башкача айтканда ал медициналык кароодон өтүүдөн баш тартабы же баш тартпайбы, ага бирдей эле чара көрүлөт.
Аракеттеги Тартип бузуу жөнүндө кодексте автоунаанын коопсуздук кемерин шаардын ичинде тагынбагандарга 1000 сом, кан жолдо тагынбагандарга 3000 сом айып салынат. Өкмөт эми коопсуздук кемери үчүн айыппулду бирдей эле 1000 сом кылууну сунуш кылып жатат.
Коомчулукта эң көп талкууланган маселе - көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом эмес, 1000 сом айыппул салуу боюнча да өзгөртүү киргизилди. Эгер ал колдоо тапса түкүргөндөр менен тыюу салынган жерде тамеки тарткандар үчүн бирдей эле айып салынат.
Өкмөттүн кодекстерге өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сынга алып, аткаруу бийлигинин бул аракетин ээрчиме саясат катары баалады:
- Түкүрүк боюнча жана жол эрежесин бузуу боюнча салынган айыппулдар коомчулукта талкуу жаратты. Анда бардык кодекстерди жокко чыгаралы. Жол эрежелери бузула берсин, жарандар көчөгө түкүрө берсин. Биз азыр ошого баратабыз. Чечимди чыгардыкпы, аны аткарганды үйрөнүшүбүз керек. Ал кодекстер иштей электе эле өзгөртө берсек, биз эч качан укуктук мамлекет боло албайбыз. Эл да “мыйзамга каршы митингге чыгып мыйзамдарды жокко чыгарабыз” деп көнүп алат. Ооба, элди сөзсүз угуш керек. Бирок жок дегенде күчүнө кирген кодекстер кандай иштеп жатканына мониторинг кылыш керек да! Ага жараша өзгөртүү киргизсе болот. Бирок социалдык тармактардагы нааразылык үчүн эле өзгөртүп жиберүү туура эмес. Анткени кодекстер азырынча жакшы иштей элек.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кодекстердеги сын пикирлер көп айтылган айрым жоболорду өзгөртүп, айыппулдардын өлчөмүн азайтууга каршы эмес экенин айтканы бар. Ал 14-январда парламент төрагасы менен фракция лидерлерин кабыл алып, иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарыл экенин эскерткен.
Дастан Бекешев жаңы кодекстерге каршы коомчулуктун маанайын мыйзамдар боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрбөгөнүнөн көрөт. Бирок ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мындай ойлорго кошулбайт.
- 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстер боюнча биздин кызматкерлер жер-жерлерде мыйзам бузган айдоочу болобу, жарандар болобу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат, - деди министр. - Бирок бул жаңы кодекстердин негизинде чара көрүлбөйт деген сөз эмес. Чара да көрүлүп жатат. Мурда административдик укук бузуу боюнча айдоочу автоунааны ичкилик ичип алып айдаган болсо тиешелүү чара көрүлчү. Азыр деле ошондой эле чара көрүлөт. Мындан башка да мыйзам бузулган учурлар боюнча ушундай эле тартип болот. Эң негизгиси - жарандар менен айдоочуларга жаңы кодекстер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Өкмөт жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен иштеш үчүн даярдык көрүү максатында былтыр 300 млн. сом бөлгөн. Алдыда жети жылга белгиленген соттук-укуктук реформа үчүн 3 млрд. 400 млн. сом каралып жатат. Анын ичинен 2019-жылы аткарылчу иш-чараларга 744 миллион сом бөлүнгөн.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буга чейин сарпталган каражатка аткарылган иштерге ичи чыкпай турат. Ал өзү чийки деп эсептеген мыйзамдарга каршы элдин нааразылыгы мындан ары да уланарын айтууда.
- Түкүрүк, жол эрежесин бузгандарга салынган айыппулдар боюнча элдин нааразылыгы - бул башталышы гана, - деди ал. - Ал эми Кылмыш жаза-кодексинде төрт категориядагы жазаны карап коюшкан. Адегенде сот кайсы категориядагы жазаны колдонуш керек экенин тандап алышы зарыл. Анда канча жылдан канча жылга чейин жаза мөөнөтү берилиши керек экендиги жазылган. Эми аны категорияларга бөлбөй эле «мынча жылдан мынча жылга чейин эркинен ажыратылат» деп жазса болбойт беле? Мындан башка да иш жүзүндө колдоно келгенде көп суроолорду жаратчу толгон-токой учурлар бар. Тергөөдө, соттук териштирүүдө бир топ маселелер жаралышы мүмкүн.
Жаңы жылдан бери кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри да иштеп жатат. Аны Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Ошондой эле ИИМдин карамагында Тартип бузуу жөнүндө реестр бар.
1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. Бул кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынган.
Жаңы кодекстердин негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүн нааразылыгын жаратууда.