Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу маалымат өкмөттөн алынды.
Маалыматка караганда Жанат Бейшенов 49 жашта. 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген. 2015-2016-жылдары юридикалык Herbert Smith Freehills компаниясында консультант, 2014-2015-жылдары премьер министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген. 2005-жылы Прагадагы экономикалык университетинен экономика илимдеринин доктору даражасын алган. Англис, чех тилдерин билет.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында "ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу мурдагы министр Жамшитбек Калиловду сынга алган. Калилов 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен. (SE)