Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Күйүттү күчөткөн каркыралар


Каркыралар.
Каркыралар.

Жазуучу Тойчубай Субанбеков көөнө кыргыздардын тарыхын чагылдырган “Барсбек кагандын көрөр көзү”, “Күнбосун ажо”, “Жалдуу Каба” романдары менен белгилүү.

Автор роман-тымсал деп атаган мына ушул эпикалык баяндарга чейин азыркы турмушка арналган аңгемелерин жарыялаган. Бүгүн биз сүрөткердин “Жапыз учкан каркыралар” аңгемесине токтолобуз.

Өлүм алдындагы жандалбас

Аңгеме айыл турмушу, өмүр жана өлүм тууралуу.

Жаштыкта билип-билбей жасаган айыбы адамды өмүр бою басынтып, тирүүлүктөгү оор жүгү болуп каларын Таштанкул ойлогон эмес. Ошон үчүн ал айы-күнү жетип калган аялын таштап, айылдагы жумуштарын бүткөрүп келгени кетип отурбайбы. Толгоосу келе баштаган аялын үч-төрт күнгө таштап кетеби?! Үч күн жатып албай, эртерээк келсе болмок.

Ал үчүн аны айыпташкан же соттошкон жок, бирок ичинде түпөйүл жаман ой калды. Таштанкул аялынын абалын ойлобой, шашпай өзүнүн ишин бүткөрүп, тууганына жардам кылып, куюп берген арагына тоюп, көтөрүңкү дымак менен үйүнө келген. Тоодогу ээн үйдө аялы жанын коёрго жер таба албай кыйналып жаткан экен.

“Төртүнчү күнү үйүнө барса, Алымкан жаздык кучактап, шырдактын үстүндө жатыптыр. Анын турбаганына кабак-кашы бүркөлүп, итатайы тутулуп, каруусунан аткый кармап, көздөрүнөн заар чачыраткан эле. Ал көздөрүн араң ачып, жанында турганын көрүп, түктөйгөн жүзүндө болор-болбос жылмаюу пайда кылган жана толгоосу тарап кеткенсип жаны саамга жай ала түшкөн. Анысын байкабастан: “Эй, катын! Эмне, мени адам ордуна көрбөй калгансыңбы ыя?!” – деп корсулдаган. Оозунан чыккан арактын жагымсыз жыты үй ичин каптай берген. Бир пастан соң Алымкандын кеберсиген эриндери саал “бүлк-бүлк” этип, толгоосу кайра кармап, ыйынып-ычкына баштаган болчу. “Жалп” эте өчкөн шам чырактай жүзүндөгү жылмаюусу да өчө түшкөнсүгөн. Ошондо да анысына карабастан койкоюп тура берген эле. Алымкандын үнү үзүк-узүк чыккан. “Ичим и-и-ий, ичим, ич-и-и-им… Таш-тан-ку-у-ул, өлүп баратам…”

Дини кайырлана жооп бербестен, жардам бербестен, чөнтөгүнөн алган тамекисин күйгүзө, өзгөчө илеп менен тартууга өткөн. Көк түтүн, арактын жагымсыз жыты кичинекей үйдүн ичин каптаганы, аялынын кыйналып жатканы менен иши болбогон”.

Эми эмне кылат? Аракка тоюп келген Таштанкул абалдын кандай экенин алгач мастык менен билбей, аялынын абалын көргөн соң бир паста соолугуп, эмне кылар айласын таппай отуруп калат. Атка өңөрүп айылга ооруканага жеткирүүгө кеч болуп калган. Жол алыс, тоо ичиндеги жалгыз үй. Төрөтү жакындап калган аялынын абалын мурдараак ойлошу керек болчу. Эми баары кеч, мастыгы толук таркай элек Таштанкул эч нерсе кыла албашына көзү жетип жандалбастай баштайт.

Ээн тоодогу жалгыз үйдө аялын үч күнгө жалгыз калтырып, дайынсыз жок болуп кеткен өзү. Он жылдан бери күтүп келаткан наристеси төрөлөрдө айылда шашпай жатып алган өзү. Алымкандын айласы куруп, "төрөттөн аман каламбы" деп түйүлүп жатышы аракка тойгон күйөөсүн ошондо гана ойлонтот. Ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши ушунчалык оор, коркунучтуу экенин Таштанкул аябай эле кеч сезип, оор жагдай алдында эмне кыларын билбей, алдастап калган.

“Алымкан ал жөнүндө айтууга кудурети жетпей, ыйынып онтой, эки колу менен ичин баскан. Саамдан кийин көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюп, кеберсиген эриндерин тиштеп, ичинен колун ала жер таянган, көз жашын төгүп жиберген. Ошондо эңкейе калып, анын боз чүпүрөктөй жамалынан сылап, акыбалын сурап, жардам берүүнүн ордуна кайра корс эткен: “Жинди болгон немедей эмне шолоктойсуң?” Алымкан жооп бербеген. Жооп бере албайт болчу. Тиги корсулдоосу анын таза дилине дык кетиргени менен иши болгон эмес болчу. Непаада аны билсе, анда ороңдобойт эле. Анын үстүнө мастык да…

Алымкандын толгоосу эмелегиден да катуу келип, эки колу менен ичин басып, балдар тээп ойночу кызыл топтой ары томолонгон, бери томолонгон, анан: “Таш-тан-ку-у-у-ул… жаным үзүлүп барат-а-а-ат… Жардам берсең боло-о… Олда кудай ай! Ичи—и-им… ичи-и-и-имий… Өлүп баратам…” Онтогон алсыз үнүндө кайгы, өтүнүч, кейигендик, үмүт да бар болчу. Ошолорго ортоктош болуп: “Чыда, Алымкан, чыда! Эне болуу оңой эмес! Энелер кыйналып жатып көз жарышат. Анан баары унутулуп, баары башкача башталат” деп айта албаган. Анткен менен шырдак үстүндө жарадар элик сымал жандалбастап, тыбырчылап жаткан аялын аяп, чылымын өчүргөн, соолуга түшкөнсүгөн. Алымкандын онтоосу, ыйынып-ычкынуусу күч алган. Буга аралаш: “Таштанкул, неге турасың жалдырап?” дегенин уккан. Андыктан ийиле берген, бирок өмүрүндө мынчалык корккон эмес эле. Муундары калч-калч этип, эмне кылаарын билбей дапдаарып калган болчу, кыйладан кийин эсин жыйган өңдүү чөгөлөй олтура калып, жалынып-жалбарып жиберген эле: “Алымкан! Мен ичпей жерге кирсемчи! Мага окшогон акмакты күтпөй эле, айылга бара берсең болмок. Эми мен сени ат үстүндө кантип алып жүрө алам?!”

Ээн тоодогу экөөнүн ошондогу абалы чынында эле коркунучтуу болчу. Бири "аман каламбы" деп тирүүлүктөн үмүт үзбөй, экинчисинин мастыгы тарабай, болуп аткан жагдайды түшүнбөй турган. Таштанкул айылдагы жыргалы минтип кууралы болорун ойлогон эмес. Баары жакшы башталган, ошондой бүтүшү керек эле. Үйдөгү иштерин аяктап, тууганына жардам берип, аларын шашпай "жууп", аракка тоюп келсе аялы жакшылап тосуп алыштын ордуна шырдак үстүндө түйүлүп жатат. Иштерин бүткөрүп, анысын шаңдуу белгилеп тоого келсе үйүндө күйөөсүн жаркылдап тосуп алчу аялы толгоонун азабын тартып, аргасын таппай жаткан.

Туура, мастыгы азыноолак тарагандан кийин Таштанкул айыбын сезип жалынып-жалбарат, өзүн өзү жекирет. Бирок, баары кеч болуп калган эле. Таштанкулдун көз алдында сүйгөн жары жарыкчылык менен кош айтышып, артына уулун калтырып кетет.

Каркыралар кайда учушат?

Так ошол учурда, аялынын суранычы менен эшикке чыккан Таштанкул жапыз учкан каркыралар катарын көрөт. Бул көрүнүшкө эмне дээрин билбей турган чагында “Апаа!” деп бакырган Алымкандын кыйкырыгын, ага улай наристесинин ыңаалаган үнүн угат.

“Негедир каркыралардын жабыла үн салышканы аянычтуу угулуп, жүрөгү шоокумдун болорун билдиргенсип катуулап соккон: дүк-дүк, түрс-түрс… Чыдай албастан үйгө атып кирсе, үй ичинде “ыңаа-а… ыңаа-а” деген жаңы үн чыгып, кызыл эт ымыркай кызыл-жаян кандын арасында кыбырап жатыптыр. Кубанычтан жүрөгү жарылып кете жаздаган. Бирок, Алымкан кыймылдабастан сулк жаткан. Шашканынан анын үстүнө эмне жабаарын билбей, үй ичин үч тегеренип чыккан эле, анан гана жүк жабууну алып үстүнө жапкан болчу. “Ыңаа-а… ыңаа-а…” деп ыйлаган, быйтыйган бутун тарбаңдатып, канга аралашкан кызыл эт ымыркайды колуна ала чекесинен өпкөн эле. Бала… Ата… Эне… Тоо койнундагы жалгыз үй… Суу ичинде үч түп жаңгак дарагы… Бири бирин кетиришкиси келбегенин билгенсип, андыктан аны каалабагансып ортолорунда ажал жүргөн.

Алымкан көздөрүн ирмебей, шыпты караган боюнча, кур дегенде ымыркайын эмизбестен, бу жарык, бу жашыл дүйнө, Таштанкул, айылдагы мырза теректери менен, наристеси менен коштошпостон кете берген. Муну өзү да, “ыңаалаган” наристеси да туйбаган болчу.”

Мастыгы тарап, айланасында болуп жатканды түшүнүп калган Таштанкулду аялынын кыймылсыз жатканы кооптонтот. “Сен бактылуу энесиң!” деп кыйкырганына жооп кылбай, шыпты карап суналган Алымкандын бул жалганды таштап кетишине Таштанкул алгач ишенбей, жалган үмүткө алданып, акыры жаман иш болгонун көргөндөн кийин бакырып ыйлап, ага кошулган кызыл эт наристенин ыйы ээн тоодогу жалгыз үйдөн алыс угулбай, үч адамдын ортосун ажал бөлүп, кызыл эт чүрпөсүн көтөргөн ата алдастап турган.

Ошол оор мүнөттө Таштанкулду ойлонткон бир гана суроо - баласына апасынын өлгөнүн кантип айтат? Мас болуп келгенин, ороңдогонун, төрөтү жакындаган аялын ээн тоого таштап салганын айтабы? Мына, уулу алтыга чыкты. Эмдиги жылы мектепке барат, бирок атасы ачуу чындыкты баласына айта албай келет. Айтышы да кыйын, чындыкты, болгондо да өмүр менен өлүмгө байланышкан акыйкат сөздү жарыя кылуу опол тоодой оор, кыйын экенин Таштанкул жон териси менен сезип, оозу барбайт. “Сен тетиги Кош-Тектирде төрөлгөнсүң” дегенге гана жарайт. Кумарга андан ашыкча сөз айтууга батынбайт. Чын сөздү айтыш, өзүнүн күнөөсүн моюнга алыш бирөөлөр үчүн тозоктун тозогундай оор экен.

Тойчубай Субанбеков ушул аңгемесин 1976-жылы студент кезинде жазган. Жазуучу ошол кезде эле адеп-ыйман маселесин социалдык курч проблемага тогоштуруп, окуган адамды кайдыгер калтырбай турган сюжет түзө алган. Элеттин оор турмушу, аракечтик, үй-бүлөлүк мамиледе үстөмдүк кылган патриархалдык жорук-жосун, карапайым жигиттин өмүр жолундагы жаздым басышы – баары бир түйүнгө биригип, композициялык бүтүндүктү түзгөн. Бир жолку жаздым басканы үчүн Таштанкул оголе оор азапка туш келет, сүйүп алган жарынан айрылып, тилеп алган жалгыз уулуна болгон окуяны айта албай, анын алдында күнөөкөр болот. Турмуштун оор жазасы ушул болсо керек.

Убакыт улам арылаган сайын Алымканга байланышкан, анын элесин алып жүргөн нерселердин баары бийиктеп, баркы көтөрүлүп, сагыныч менен кусага айланып, арты арылгыс арманга, түгөнгүс күйүткө айланып кеткен. Таштанкул Алымкан экөөлөп тиккен теректери жетилип, кыюуга жарап калса да кыйгысы келбейт. Жакын туугандары, тааныштары сурап келсе да, "сат" дешсе да макул болбойт. Кыйын кезеңде Алымкандын жанында болбой, анын өлүмүнө тикелей күнөөсү бар экенин баласына айта албай, минтип арманга басырылып отурат.

Анткен менен Таштанкул биротоло мерез, арактын туткунунан чыга албай калган деле адам эмес. Бир кездеги айыбы үчүн өзүн өмүр бою жектеп, ичтен сызып, тирүү кезинде колунан келчү иши - аялынын элесин бекем сактоо, ага байланышкан эстеликтерди эстеп жүрүү экенин жакшы билип, ошого өмүрүн арнаган. Ал качандыр бир кезде ачуу чындыкты баласына айтып берет, балким баласы атасын күнөөлөйт чыгар?! Антишке акысы бар, Таштанкул күнөөсүн мойнуна алган, ал үчүн өзүн жазалап келатканына деле кыйла болду. Аялынан ажыраган “учурда күн уясына батып, айлана караңгылыктын кучагына сүңгүп бараткан болчу. Ичиркенткен Кош-Тектирдин муздак шамалы өзүнүн кайгылуу ырын ырдап, кара көшөгөсүн тарткан булуттарды удургута көчүрүп, куураган камгактарды учуруп, куюнду пайда кыла жүрүп турган эле. Көпкө ойлонуп турбастан, Көтөрмөнү карай бет алган. Бирде жүгүрүп, бирде шыпылдай басып, карарган адырларды аралай жүрүп отурган болчу”.

Ээн тоодогу жалгыз үйдөгү трагедия ошентип аяктаган. Кара баскан ошол шойкондуу күнү “айылдагы тамын караганы, теректерин сугарганы, үч ата өткөн тууганынын чаркарын жаап бергени Көтөрмөгө барган. Барганына жараша баарын бүтүргөн. Кош-Тектирге кайтарында тууганы болбостон, кыстап жатып арак ичирип койгон”.

Алыскы тоо арасындагы эки жаштын кайгы-кубанычка жык өмүрүн ары уланткан жалгыз уулу азырынча ачуу чындыкты биле элек. “Ата, апам качан келет? Келбесе биз барып алып келбейлиби?” деген кичинекей Кумардын күтүүсүнө Таштанкул эмне деп жооп беришин билбейт. Апасы каркыралардын катарына кошулуп бу жарыкчылыкты таштап кеткенин кичинекей бала билбейт. Каркыралардын катары ушунчалык кызыктуу, сырдуу экенин Таштанкул уулунан кийин гана сезди окшойт.

“Алар көздөрүнө ушунчалык аруу, ушунчалык татына көрүндү. Негедир алардын артынан кол булгалай кыйкыра жүгүргүсү келди, бирок антпеди.

- Кумар, - деди атасы. Үнү да дирилдеп чыкты. – Сен да каркыралар жапыз учуп баратканда төрөлгөнсүң. Бирок, бул жерде эмес, тээ тиги Кош-Тектирде төрөлгөнсүң”.

Каркыралар кичинекей балага кызык болчу. Ал учурда атасынын оюна өткөндөр келип, муунун калтырак баса баштаган. Уулунун басканы, колун көтөрө койгону бир башкача сезилип, ансыз да өзүн айыптуу сезген атанын маанайын түшүрүп, көңүлүнүн тээ тереңинде калып калган өкүтү менен арманын эсине салып, сары санаанын сазына чөктүрүп баратты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG