Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Крестинин: Дарбазачы Матяшка азыр оор болуп жатат


Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин дарбазачы Павел Матяшты колдоого алды. Ал футболдо жаңылыштык болорун, ал үчүн жеке бир оюнчуну күнөөлөш туура эмес экендигин кошумчалады:

- Матч күтүлгөндөй эле эки командага тең оор болду. Бирок биз атаандашка караганда көбүрөөк жаңылдык. Мыкты оюнчулар деле жаңылышып жүрбөйбү. Ошол эле учурда биз өзүбүзгө тиешелүү чабуулдарды аягына чыгара албай калдык. Эң негизгиси - башты бийик көтөрүп, кийинки атаандаштарга даярданышыбыз абзел, анткени биздин чемпионат дагы эле уланып жатат.

Бүгүн Азия кубогунун алкагында Кыргызстан командасы Кытайга 1:2 эсебинде утулуп калды.

Кыргызстан Кытайга утулганы менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн “ак шумкарлар” 11-январда Түштүк Кореяны, 16-январда Филиппинди утушу зарыл. (SDz)

XS
SM
MD
LG