Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жетти


Борбор Азиядан барган мигранттардын балдары.
Борбор Азиядан барган мигранттардын балдары.

Орусиянын баш калаасы Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жетти. Класстын 16 пайызын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.

Мындай статистика Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин Билим берүү институту жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Документти орусиялык "Комсомольская правда" басылмасы жарыялады.

Орусиянын Билим берүү институтунун адиси Надежда Бысик көп учурда мигранттардын балдары начар мектептерди алдыга сүрөй турганын айтты:

- Биз кырдаалды изилдей баштаганда, орус тилин начар билген мигранттардын балдары мектептерди артка тартат деп ойлогонбуз. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кайсы бир начар мектепте мигранттардын балдары көбүрөөк топтолуп калса, дал ошол балдар мектепти алдыга сүйрөйт экен. Мигранттардын балдары Орусияда калгысы келип, билим алууга көбүрөөк умтулушат, -деди Бысик.

Изилдөөдө мигранттар көбүнесе тааныштарынын кеңешине ыктап, балдарын оңой кабыл алган мектептерди тандай тургандыгы айтылат.

Орусиянын миграциялык кызматында каттоодо турган 650 миң кыргызстандык жаран бар. Расмий эмес булактарга ылайык алардын саны бир миллиондон ашат. Кыргызстандан кеткен мигранттардын 80 пайызы Орусияда эмгектенет. UNICEF уюмунун 2014-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстанда 17 жашка чыга элек 11 пайыз балдардын атасы же энеси миграцияда жүрөт. (KR)

XS
SM
MD
LG