Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Ооганстанда алтынды мыйзамсыз казгандар каза тапты


Ооганстандагы көмүр шахтасын казгандар.
Ооганстандагы көмүр шахтасын казгандар.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы алтын кени көчүп түшүп, андан кеминде 30 киши набыт кетти.

Бадахшан чөлкөмүнүн полиция өкүлү Санаулла Рохани жекшемби күнү болгон кырсыкта онго жакын киши жарадар болгонун маалымдады.

Кохистан районунун акими Мохаммад Рустамдын айтымында, жергиликтүү тургундар дарыянын жээгинде экскаватор менен өз алдынча алтын казып жатышканда шахта басып калган.

Жергиликтүү өкмөттүн маалымат катчысы Ник Мохаммад Назари тургундар көп жылдан бери алтынды мыйзамсыз казып келишкенин билдирди.

Кырсык болгон учурда ал жерде болжол менен 50 чакты киши жүргөн.

Шахта басып калгандарды алып чыгуу үчүн куткаруучулардын эки тобу жөнөтүлдү. Президент Ашраф Гани тирүү калгандарды издөөгө буйрук берди.

Мыйзамсыз алтын казуу Ооганстанда кеңири тараган көрүнүш. Куралдуу жаңжалдан улам өлкөдөгү бир топ кендер иштетилбей турат.

XS
SM
MD
LG