Жээнбеков: Сот реформасына кайдыгерлер жазаланат
Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учуратып же ага кайдыгер мамиле жасаган жетекчилер катуу жазаланарын билдирди. Мамлекетте реформага баруудан башка жол жоктугун айткан президент, жаңы жылдан тарта күчүнө кирип жаткан кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө айрым мамлекеттик органдар кайдыгерлик кылган же саясий эрксиздигин көрсөткөн учурлар бар экенин белгиледи. Өкмөттүн өкүлдөрү жаңы жылдан ишке кирише турган укуктук жаңы ченемдерге өтүүгө даяр экенин айтып, айрым кемчиликтер иш үстүндө жоюларына ишендиришти.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 18, 2024
Желтоксон окуясы: жаштар үнү, төгүлгөн кан
-
Декабрь 18, 2024
Москвада генерал Кириллов жардыруудан набыт болду
-
Декабрь 17, 2024
Колыма лагерине айдалган кыргыз: 80 жылдан кийин ачылган сыр
-
Декабрь 16, 2024
Депутаттар Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишине кандай карайт?
-
Декабрь 14, 2024
"Коом стереотиптен арылса дейбиз". Майыптардын тагдыры спектаклде