29 жашында “эл душманы” катары камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен. Чоң-Таштагы “Ата-Бейитте” анын фамилиясы отуз алтынчы болуп жазылган. Куугунтук курмандыктарынын кезектеги берүүсү Токтосун Дастаевди эскерүүгө арналат.
Жетим, качкын, малай
Көлдүн күңгөйүндөгү Бостери айылынан чыккан комсомолдук, партиялык ишмерлерди иликтеп жүргөн Бейшемби Ибраевдин айтуусунда, Токтосун Дастаев каргадай бала кезинен оор турмуштун азабын көрүп чоңойгон. Алты жашында атасынан ажырап, 1916-жылкы Үркүндө Кытайга барып, ал жерден 1919-жылы кайтып келген.
Совет бийлиги келгени менен, элдин жашоо-турмушу а кезде аябай оор эле. Жан багыштын айласы кылып жергиликтүү байлардын колунда кызмат кылып, 1925-жылы Караколдогу жетим балдар үйүнө кабыл алынып, билим алууга жетишкен. Аны менен тим болбой, зиректигинин, тырышчаактыгынын натыйжасында мектепти эртелеп аяктап, Пишпектен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон экен.
Андан кийин комсомолдук, партиялык иштерге аралашып, кызмат тепкичтеринен ыкчам көтөрүлүп, келечеги ачык болуп, элге, Мекенге кызмат кылуунун кызыгы менен жүргөн.
Токтосун Дастаевге сталиндик репрессия күтпөгөн жерден жеке турмуш жагынан келиптир. Өмүрлүк жары ошол кездеги белгилүү тарыхый инсан Таш (Ташмухамед) Кудайбергеновдун кызы болгон. Кайнатасы “эл душманы” катары айыпталып, айылдашы Асан Жээнбаев, жердеши делген Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун асманында кара булут айланып, кыргыздын мыктылары бир четтен жок кылынып жаткан. Токтосун Дастаев нарком Лоцмановдун тушунда аябай күчөгөн мына ушул “кызыл кыргынга” туш келген. Анын кандай да болсо репрессиядан четте калуу аракетинен майнап чыкпай, аялы менен ажырашып кеткени да себеп болбой, жок кылынчулар тизмесине киргизилген.
Токтосун Дастаевдин кыска жашоосундагы кыйла кызмат тепкичтерин басып өткөн өмүр баянын репрессия курмандыктарын изилдеп келаткан Бейшемби Ибраевден уксак.
- Токтосун абанын атасы Дастай Бостеринин тукуму болот. Көлдүн Бостерисинен, көр тириликтин айынан Каракол шаарында жалданып иштеп жүргөндө көргөн уулу ушу Токтосун. Буга чейинки балдары токтобой чарчап калышынан жүрөкзаада болгон атасы токтоп калгысы бардыр деп Токтосун деп койгон экен. Бирок Дастай ата Токтосун алтыга чыкканда каза болуп калат.
Андан кийин эле Үркүн, 16-жыл, энеси менен Кытай жерине барып, өлбөстүн күнүн кечирип кайра жерине келишет. 1919-жылдан 1925-жылга чейин ошол Караколдогу көпөс байлар Мамбетакунов, Керимов, Бегенов, Муктаров Калиса дегендердин малын багып, жумушун иштешип ошол жерде жан сактайт. 1925-жылы Каракол шаарындагы мектеп-интернатка кирет. Ошол жерде 1927-жылга чейин окуйт. Энеси байкуш ар кимде малай жүрүп, баласын багып эрезеге жеткиргенге аракет кылат. Өзү зээндүү, зирек бала экенин көрүшүп Фрунзеге окууга жиберишет. Кантонское торговое ученичество – Кантондук соода үйрөнчүк окуусуна. Ушул мектепте эки жыл окуп, андан соң Кыргыз обком ВКП(б)нын бир жарым айлык курсунда окуйт.
Ыр китептин бет ачары
1929-жылдан 1932-жылга чейин Алай, Кетмен-Төбө райондорунда, Ошто, Балыкчы шаарларында, Чүй районунда комсомолдун 1-катчысы болот. 1932-жылдын мартынан 1933-жылдын ноябрына чейин – бир жыл он ай республикалык комсомолдун биринчи катчысы болгон экен. Ошондо ал Жусуп Турусбековдун биринчи ырлар жыйнагынын бетачарын өткөрүп сый тамак бердирткенин Түгөлбай Сыдыкбековдун эскерүүсүнөн окугам.
“Комсомолдун биринчи катчысы Токтосун Дастаев Жусуп Турусбековдун биринчи ыр китеби чыкканда сый тамак уюштуруп, баарыбызды чакыртып, китептин бет ачарын өткөргөн. “Мына, комсомолдон да акын чыкты” деп даңазалаган” деп жазган. Жусуп Турусбеков өзү жалгыз келген го. “Ай, Жусуп, Күлсүндү ала келбейт белең, сенин жакшылыгыңда кошо чогуу жүрүш керек да. Ошонун да үлүшү бар, мындан кийин антпей ала келип, аралаштырып жүр”,- десе “Жусуп кичине уяңыраак киши эле дейт, кызарып кеткен” дейт.
Андан кийин ал жерден Кызыл-Кыяга партиянын райкомунун бөлүм башчысы болуптур. Рудокомитеттин башчысы болгон экен. 1934-жылы ВЦСПСтин Орто Азия боюнча жооптуу инструктору болуп иштейт. Кийин ал уюм жоюлуп кетип, бир жылга жакын иштегенден кийин Кыргыз обкомунун инструктору болуп 1936-жылга чейин иштеген. Анан 1936-жылдын январынан 1937-жылдын 21-октябрына чейин партиянын Жумгал райкомунун биринчи катчысы болуп калат. Ошол жерде иштеп турган жеринде репрессияга кабылып отурбайбы. Анын кайынатасы Таш (Ташмухамед) Кудайбергенов камакка алынып, “эл душманы” болуп атканда “кызы аркылуу күйөө баласына жардам берген” деп күнөө коюшкан. Буга кошумча, Асанкан Жээнбаев, Керим Кенебаев, Мукаш Далбаев, Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун жердеши деп да айып коюшкан.1938-жылы 5-ноябрда атылган. Бир бала көргөн экен. Уулу Балыкчыда жашап жүрүп каза болуп калыптыр. Артында тукум калбаптыр".
Коммунисттик доорду башынан аягына чейин коштоп, бирде күчөп, бирде басаңдаган “кызыл кыргынга” туш келген кайрандардын жасап кеткен иштерин кийинки муунга жеткирүү, айыпсыз жерден күнөөлөнүп, ойдон табылган айыптарга оголе кымбат нерсени – өмүрүн бергендерди эскериш максатында Көлдүн күңгөйүндөгү Бостери айылындагылар эстелик китебин даярдашууда.
Эстелик китепте калган өмүрлөр
Анда айылдан чыккан Асанкан Жээнбаев, Мукаш Далбаев, Токтосун Дастаев, Керим Кенебаев сындуу саясий ишмерлер тууралуу маалыматтар, репрессияга туш келген айылдыктар тууралуу кабарлар жарыяланат. Китептин автору Бейшемби Ибраев мындай дейт:
1937: Кыргыз ССРинин адилет министри сталиндик абакта жок болгон
- Бир айылдан төрт партиялык-мамлекеттик ишмер атылып кетип атпайбы. Мындан сырткары да ошолордун жердеши болгон деп көп чарбалык, партиялык кызматкерлер камакка алынып, репрессияга тушугуп, кыйноолор көргөн. Репрессияга кабылгандарды Бостери тууралуу жазып аткан китебибизге сөзсүз киргизебиз.
Атылгандар, карасаңыз, бүт эле отуздун тегерегиндеги жаштар кетип атпайбы. Мынчалык эмне шашып, жалаң кыргыз эмес, жалпы совет элине берилип кызмат кылгандарды атканына ушу убакка чейин түшүнбөй жүрөм. Архивдерди карадым, Яковлевдин комиссиясынын материалдарын, көп эле нерсени издеп көрдүм, ушуга чейин репрессияны түшүнүп, бир пикирге келе албай жүрөм. Эмне үчүн кыргандыгы жөнүндө көп ойлор айтылып жүрөт, бирок бу кайрандар ак жеринен эле кетишкен экен деп калдым.
Кыргызстанда репрессия курмандыктарынын Чоң-Таштагы мемориалдык эстелиги коюлган. Андан башка репрессия курмандыктарын массалык жашырган жерлер азырынча табыла элек. Алардын табылышы да кыйын. Убакыт өткөн сайын эмнеликтен бийлик өз жарандарын өзү кырып жок кылышынын себеп-жөнү тарых бүктөмүндө калып, бул иштин башында турган коммунист өкүмдар Иосиф Сталинди актоо, кубаттуу өлкөнүн мыкты жетекчиси катары даңктоо аракети кийинки учурда жанданып келатат. Кыргызстанда акталган репрессия курмандыктарын “Эскерүү китеби” чыгууда. Анда 20 миңден ашуун кишилер тууралуу кыскача маалыматтар камтылган.
"Карасам Троцкий турат"
1937-жылкы канабайрамдын кандай жүргөнүн баян кылган “1937-жыл” деген китепте түрмөдө акыркы саатын күтүп отургандардын ортосунда момундай сөз жүргөнү баяндалат.
“Сыягы кимдир бирөөнүн шыбыроосу менен алыскы Тянь-Шандын айылынан бир чабанды кармашыптыр. Троцкийчиликке күнөөлөшүптүр. Моюнуна алдырыш үчүн чабанды көпкө кыйнашат. Ал кайсынысын болсо да моюнуна алайын дейт, бирок кандай кыларын билбейт. Акыры оюна бир нерсе түшө калат.
-Ооба, - дейт ал макул болуп,- мен троцкийчимин. Троцкийди да көргөм.
-Кандай? Кандай экен? – деп жандана түшөт тергөөчү.
-Кой айдап баратканда ашуудан көргөм. Карасам, Троцкий турат. Манастай баатыр экен. Мурутунун узунун айт. Узун булгаары пальто кийип, пулеметтун тасмаларын арчынданып алыптыр. Куруна эки тапанча илип алган. Эки колунда бирден граната.
-Мага баш ийип жүрөсүңбү? – деп сурады менден корулдаган үнү менен. Мен коркуп кеттим да макул болдум:
-Албетте, баш ийип жүрөмүн. – Чабан сөзүн аянычтуу бүтүрдү.
Ошентип троцкийчил “болуп калды”. Кыйноо токтотулду.
Чабан соттолду жана Сибирь лагерлеринде белгисиз чирип жок болду”.
Дагы бир тарых. 1937-жылы этнограф Амито-Шапирону Ташкенде камакка алышып, аны аябай кыйнашат. Ал жылы айтылуу окумуштуу бухаралык жана кашкардык жергиликтүү калктын үйлөнүү ырым-жырымдарын изилдеп жүргөн экен.
“Ага эл аралык сионизм, чет өлкөлүк чалгындоо менен байланышты жармаштыра салышып жалган жерден 10 жылга кесип жиберишкен. Ал түрмөнүн бардык азап-тозокторун көрүп, көптөрдүн ичинен жалгыз өзү лагерден тирүү чыккан.
Ошентип анын айткандары мындай: бизди тергөөдө кыйнашты, суткасына бир нече саат бою тозок отуна салышты. Шпиондукка моюнга алдырып жатышты. Камералаш бир уйгур айрылган, тытылган, канаган эч жери жок тез эле кайтып келди. Биз, албетте, эмне болгондугун, аны эмне үчүн сабашпагандыгын сурадык. Уйгур чала-моңол орусчалап айтып берди. “Сен шпионсуңбу? – деди тергөөчү.
– Шпионмун,- дедим. Ал "кол кой" деди. Кол коюп бердим. Ал коё берди.
Кийинки жолкусунда:
- Сен кимдин шпионусуң? Японияныкыбы? – деп сурады.
– Японияныкы, - деп жооп бердим. "Кол кой. Кет".
Бүт сурак ушул.
- Келесоо,- деп ачууланышты камерадагылар. - Сен өзүңө өзүң өлүм өкүмүнө кол коюп берген турбайсыңбы!
- Эмне үчүн келесоомун? Силерди кыйнап жатышат, уруп жатышат анан атып ташташат. Эмне үчүн келесоомун?
Фаталисттин ушундай философиясы менен жеңил болгон. Аны, албетте, момундугу үчүн, келесоолугу (же акылмандыгы?) үчүн атып ташташты. Көбү мазактоодон, кыйноодон, “эл душманы” деген тамгадан өмүрдөн ыктыярдуу кечип коюуну артык көрүшкөн”.
Токтосун Дастаевге коюлган айыптардын ичинде Жусуп Абдырахмановдун жолун жолдоочу, социал-туран партиясынын мүчөсү деген айыптар да бар болчу. Социал-туран партиясынын чын эле болгону, ошондой саясий күч уюшулуп иш жүргүзгөнү талаштуу маселе. Партиянын программалык документтери кийин тергөө учурунда калыбына келтирилгени айтылып жүрөт. Айрым изилдөөчүлөр Социал-туран партиясы болбогонун белгилешет. Кыязы, Маскөөгө эл душмандарын арбын таап берүү милдетин алган нквдчылар өздөрү эле ошондой партияны ойлоп таба коюшкан шекилдүү.
А бирок, мына ошол бары-жогу арасат партияга байлап канча бейкүнөө адамдар жазага кириптер болушкан, алардын так санын аныкташ да кыйын. Карапайым койчуга троцкийчил күнөөсүн кыйнап отуруп илип койгон тергөөчүлөр жапан шпионун кантип тапса, социал-туранчыны деле ошондой ыкма менен опоңой таап, миңдеген адамдарды жок кылышкан.