Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдында акция өтөт


БУУнун кеңсесинин алдында Кытайдагы кысымды токтотууну талап кылган акция. Бишкек. 5-декабрь, 2018-жыл.
БУУнун кеңсесинин алдында Кытайдагы кысымды токтотууну талап кылган акция. Бишкек. 5-декабрь, 2018-жыл.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси бүгүн, 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык акциясын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирип, акция тынчтык максатын көздөй турганын, аны саясатташтырбоо керек экенин айтты. Ал ошондой эле "7-январда Ала-Тоо аянтында митинг болот" деп Интернетте тараган жарыяга уюмдун тиешеси жок экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, элчилик алдындагы акция учурунда Кытайдагы аз улуттарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тарбиялоочу лагерлердеги кыргыз улутундагы ар бир жарандын камакка алынышынын себеби, алардын мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтуу талап кылынат. Көчөрбаевдин айтымында, "Кыргызстанда мыйзамсыз жашаган чет элдик жарандар 30 күн ичинде өлкөдөн чыгарылсын, акыркы 10 жыл ичинде кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдүн паспорту мыйзамдуу алынганын тактап-аныкташ үчүн коомдук уюмдардан, жарандык активисттерден, мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүлсүн" деген талап да коюлат.

Буга чейин "Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети" билдирүү таратып, айрым социалдык тармактарда аша чапкан, туура эмес, мыйзамсыз чакырыктар чыгып жатканын белгилеп, мындай аракеттерге жол бербөөгө үндөшкөн.

Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтар такталып жатканын жарыялаган.

19-декабрдагы басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы кыргыздар боюнча маселеге этият мамиле кылыш керек экенин билдирди.

5-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Анын катышуучулары Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту буга көңүл бурууга чакырды.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG