Ак үй АКШ Сириядан аскерлерин чыгара баштаганынын себебин бул аймакта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жеңилгени менен түшүндүрдү.
“Сириядагы бул жеңиш “Ислам мамлекети” тобуна каршы глобалдык коалиция же анын өнөктүгү аягына чыкканынын белгиси эмес. Биз АКШ аскерлерин үйүнө бул өнөктүк кийинки бакычка өткөн учурда алып келүүдөбүз”- деп айтылды Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин билдирүүсүндө.
Мындан мурдараак президент Дональд Трамп өзү да “Твиттердеги” баракчасында Сирия “Ислам мамлекети” тобу жеңилгенин, аскерлер бул жакта мына ушул жалгыз себептен улам гана турганын жазган.
Ал эми АКШ Коргоо министрлиги - Пентагондун басма сөз катчысы Дана Уайттын айтымында, глобалдык коалиция “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган аймактарды бошотту, бирок бул топко каршы өнөктүк “бүтө элек”.
Пентагон өкүлү коопсуздук жүйөсүнөн улам аскерлердин чыгарылуусунун чоо-жайы боюнча маалымат берилбей турганын кошумчалады.
Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен иштешти.
Америкалык аскерлердин көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышында турушат. Ал жакта “Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин очоктору азыр дагы бар.
Республикачыл сенатор Линдси Грэм президент Трамптын дал азыркы учурда аскерлерди чыгаруу чечими “жаңылыштык”, ага катар “Ислам мамлекети” тобу, Сирия президенти Башар Асад, анын өнөктөштөрү Орусия жана Иран үчүн "чоң жеңиш" деп эсептеди.
Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, ТАСС агенттиги кабарлагандай, АКШнын Сириядан аскерлерди чыгаруу чечими “бул өлкөдөгү кризисти саясий жол менен жөнгө салгандай келечек жаратарын” белгилеген. (UE)