Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Кытайдагы тууган-туушканын издегендер ТИМге чогулушат


Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.
Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.

Кытайда жашаган жакындарын издеген жарандар бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигине барып кат тапшырышат.

Бул тууралуу "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети билдирди. Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтар такталып жатканын айткан.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG