Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Аялзат: рак калчаган тагдырлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күнүгө орто эсеп менен 15 кишиге рак деген диагноз коюлат. Аялдар арасында эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишиги кеңири жайылган. "Сергек жашоо" түрмөгүндө бул ооруга чалдыккан аялдардын окуяларынан турган баяндарды сунуштадык.

2017-жылы Кыргызстанда 5 миң 538 киши залалдуу шишикке чалдыкканы аныкталган. Алардын жарымынан көбү аялдар. ​

"Орусияга барып ден соолуктан ажырадым"

Аксана (аты өзгөртүлдү) Чүй облусунун тургуну. Бир уулдун энеси. Жалгыз бой келин куу турмуштун айынан Орусияда бир нече жыл иштеген. Суук жерде бирде ач, бирде ток жүрүп догдурга көрүнө албаганын айтып отурду:

- Июнь айында кырк жашка толдум. Орусияда салат жасаган цехте иштегем. Дарыгерлерге деле текшерилген жокмун. Негизи эле гинекологго көп барчу эмесмин. Адеп барганда ичим өтүп, аябай кыйналдым. Тааныштарым аба алмашып жатат, көнүп кетесиң дешти. Көрсө залалдуу шишик суук жерде күчөп кетиптир. Кыргызстандын ысыгына келгенде организмди талкалай баштаган экен. Башым айланып көп куладым. Дарыгерлерге кайрылганымда жатынга суук тийиптир, эрозия деп дарылашты.

Дарылануудан качып...

Катуу суук тийгенде же төрөттөн кийин жатындын чел кабыгы жабыркап, жара пайда болушу мүмкүн. Медицинада эрозия деп аталган бул жараны дарыгерлер антибиотиктерден тышкары, дары же нур менен күйгүзүү керектигин айтышат.

Бирок биздин каарманыбыз дарыланганы менен жараны күйгүзүүдөн коркуп качып жүргөн:

- Антибиотик, тамчылатма дары алдым. Бирок ага деле болбой ооруй бердим. Жалгыз уулум бар. Ошого эптеп жөлөк болоюн деп, оорумду жашырып жүрдүм. Бир күнү кан токтобой, эс-учумду жоготтум. Анан ушул жерге түшүп калдым.

Акыбалы оор, дене боюн шишик баскан келин мындан аркы жашоосу тууралуу ойлонгонду жактырбайт. Ал шишиги тараса эле үйүнө кайтууну самайт. Тилекке каршы, келинге азыр дарыгерлер паллиативдик башкача айтканда, оорусун басаңдатуучу эле жардамды берип жатышат. Акыбалы күндөн күнгө оорлоп, дарты күчөп баратканын ак халатчандар өкүнүч менен белгилешти.

Коркунучтуу сандар

Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча 2017-жылы рак оорусу менен расмий каттоодо тургандардын жалпы саны 26 миң 108 кишиге жеткен.

Алардын 5,5 миңден ашууну оорусу тууралуу кеч билген.

Медиктердин белгилешинче, Кыргызстанда эркектер өпкө, кызыл өңгөч, ооз көңдөйү жана ашказандын рагына көп чалдыкса, аялдардын көбү эмчек жана жатын моюнчасынын шишигинен кайтыш болушат.

Дарыгерлер мындан он жыл мурда онкологиялык дартка чалдыккандардын саны 20 миңге жетчү эмес дешет.


"Жаман ооруну жеңдим"

35 жаштагы Керезханга эки жыл мурда эмчек безинин залалдуу шишиги деген диагноз коюлган. Шыңга бойлуу келин диагнозун адеп укканда эле өлүмдү ойлогон экен.

Дарт менен эки жылдан ашуун алышкандан кийин анын анализдери таза чыгат. Керезхан дартты жеңүүгө 13 жаштагы кызы дем бергенин айтты:

- 35 жаштамын, жалгыз боймун. Бир кызымды жалгыз тарбиялап жатам. Былтыр 28-июнда мага "рак" деген диагноз коюлду. Экинчи даражадагы, тез өрчүгөн түрү экен. Биринчи укканда, аябай корктум. Дароо эле өлүм оюңа келет тура. Кызым мен жок кантип жашайт, кандай күндү көрөт деп аябай кайгырдым. Бирок өзүмдү тез эле колго алып, бул ооруну жеңип чыгышым керек деген максат койдум. Эки күндөй ыйлагандан кийин, атайын китептерди окуй баштадым. Апама ооруп жатканымды айта албадым. Ал азыркыга чейин менин диагнозумду билбейт. Анүстүнө оорукчан. Апамды кейитким келген жок. Башымдан оор күндөр өттү, абдан ачуу дарыларды ичип, химия терапияны алып жаттым. Кыйналган, ыйлаган күндөрүм көп болду. Адам баарын көтөрөт турбайбы, азыр мен ооруну жеңдим. Рак - өкүм эмес деген сөзгө толугу менен кошулам. Ооруну жеңүүгө кызыма болгон сүйүү, жашоого позитивдүү караганым себеп болду го.

Дартты аныктоо өтө кыйын

Керезхан анализдердин чыгышы оор экенин, бул үчүн бейтаптар чек арадан өтүп Алматыга чейин барууга аргасыз болорун айтып жатты. Анан калса рактын дарылары да кымбат эмеспи.

Келин оору менен алышып жатканда бир туугандарынан башка эч ким жардам берген эмес.

- Тилекке каршы бизде, Кыргызстанда ракка чалдыккандар дары-дармекке жетпей кыйналат. Маселен, иммуногистохимия деген анализди тапшырыш үчүн Алматыга барып келдим. Бизде андай лаборатория эми ачылды деп жатышат. "Герцептин" деген дары бар. Аны эмчектин залалдуу шишигине чалдыккан аял 12 ай ичиши керек, ар бир айга 51 миң сомдон кетет. Элестетсеңиз, баарынын эле акчасы жете бербейт да. Бир туугандарым жардам берип жатып, акыры "Герцептинди" жети курс ичтим. Мындан тышкары витаминдер, дагы башка дарылар 18-20 миңден сатылат. Айтор бир айга 80 миң сомдун тегерегинде каражат короттум. Оорудан улам иштебей да калгам. Айыккандан кийин ишиме кайтып барып, жашоомду улантсам дейм.

Керезхан дарттын айынан ишин да таштап койгон. Ошентсе да убакыттын өтүшү менен кадимки жашоосуна кайтып келерине ишенет.

Өз башынан өткөн азаптуу күндөр аны ооруган аялдарга моралдык, материалдык жардам көрсөтүүгө түрткөн. Учурда "Биз ракка каршыбыз!" аттуу коомдук фонддо ыктыярчынын милдетин аткарып жатат.

"Стресс мени көтөрүп чапты"

Атын атагысы келбеген абдан арык, үлбүрөгөн аял Улуттук онкологиялык борбордун паллиативдик жардам бөлүмүндө жатат.

Дарыгерлер ага өлүм жакындап калганын айткан эмес. Ушундан уламбы, анын кыймылы, сүйлөгөнү шайдоот.

- Азыр 71 жаштамын, кандай болгон күндө да Кудайга ыраазымын, ушунча жашты берди. Жаш кезде бала-бакыраны багам деп тытынып, тынбай иштеп жүрдүк. Төрт баланы тарбиялап чоңойттум. Адам улгайган сайын ден соолугу бузула берет тура. Мындан бир нече жыл мурда кыркка жаңы чыккан кайним каза болуп калды. Ага кайгырып отурсам, 16 жаштагы баласы да жол кырсыгынан мүрт кетти. Ошондон көп өтпөй ашказаным ооруп калды. Айылдагы дарыгерлерге кайрылып, жазып берген дарысын ичип, жакшы боло албай койдум. Анан кыздарым мени шаарга алып келип, онкологияга (Улуттук онкология борборуна-ред.) көрсөтүштү. Ашказанда жара бар экен деп, дароо операция жасашты. Анан химия алдым. Ошондон кийин эле аябай арыктап, тура албай калдым. Албай койсом болмок экен. Экинчи химияга жолобойм!

Каарманыбыз азыркы тапта паллиативдик же өлүм алдындагы жардамды алууда. Ошентсе да анын маңдайы жарык, оорусу күчөп жатса да айыктым, үйүмө кетем деп ишенимдүү сүйлөйт.

Жети жылдык азап

Жашы элүүдөн өткөн Айгүлгө жатын моюнчасынын залалдуу шишиги деген диагноз 2011-жылы коюлган. Ал дароо ооруканага кайрылып, операция жолу менен шишиктерин алдырган.

- Бат туталанып, бат таарынып айтор мүнөзүм өзгөрүп калган. Буга кошумча башым да катуу ооруп жүрдү. Күндүз сөзсүз түшкү саат 12де анан экиде ооручу. Ошондонбу ичим ооруп жатканын такыр сезген жокмун. Бир-эки жолу цистит болдум, анан тааныш медайымга барып тамчылатма дары сайдырып, антибиотик ичип, өз алдымча дарыландым. Атайын онкологго же догдурга көрүнгөн эмесмин. Боюмда болуп калбасын деп мурда спираль менен жүрүп, 1999-жылы жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин алдырып салдым. Гинекологго ошондо эле көрүнгөм. "Баары жакшы" деген эле. 2011-жылы ушинтип ооруп калдым. 10 жылдан ашуун гинекологго барып, текшерилбепмин көрсө. Анализдерим начар чыгып, онкологияга келдим. Дароо эле операция жасашты.

Операциядан кийин Айгүлгө экинчи топтогу майып деген статус берилген. 2001-жылы күйөөсү менен ажырашкандан бери Айгүл турмуш түйшүгүн жалгыз тартып келет. Кан тамырлары ичкерип кеткендиктен башы тез-тез ооруйт.

Аял дартына баш ийгиси келбей, бир топ психологиялык кыйынчылык тарткан. Бирок атайын адистен жардам алган эмес. Жан кейиткен оорунун айынан ар бир күнгө, жарыкты көргөнүнө каниет кылууга үйрөнгөнүн айтып берди.

Айгүл эженин эки гана уулу бар. Келиндери акыбалын сурап келгени менен кыздай жакын болбосун айтып арман кылды.

Паллиативдик бөлүмүндө дарыланып жаткан эже ооруканадан чыгары менен жумушка чыгууну кыялданат.

"Рак кызым экөөбүздү бөлдү"

Бир кыздын энеси, 28 жаштагы Алина Алмас кызы - Улуттук онкологиялык борбордун маммология бөлүмүнүн дарыгери.​

Алина Алмас кызы
Алина Алмас кызы

Ага 2016-жылы диагноз коюлуп, азыр 3-стадиядагы эмчектин тез өрчүгөн залалдуу шишиги менен күрөшүп келет:

- Оорудан эч ким качып кутула албайт экен. 2016-жылдын кыш айында ооруп калдым. Төрөгөндөн кийин көкүрөгүмдөн чоң шишикти байкадым. Анын өлчөмү алты сантиметрдей эле. Мен кесиптештериме кайрылдым, баарыбыз эле маммолог болгондуктан, төрөттөн кийин сүт чогулуп калып, мастит болдум окшойт деп ойлогом. Анчалык маани деле берген эмесмин. Анан Ысык-Көлгө бир жумага эс алганы кетип калдым. Ал жактан келгенден кийин моюнуман бир шишик таптым. Мурдагы шишик эмчегимде эле болгондуктан, көңүл бурбай коюп, анын залалдуу экенин байкабай калыпмын. Дароо анализдерди тапшырдым, Алматыга барып, иммуногистохимиялык анализ берип, жыйынтыгы дароо эле 3-стадиядагы бат өрчүгөн эмчектин залалдуу шишиги экенин көрсөттү.

Эң эле кейигени, өмүрлүк жарынын ооруга туруштук бере албай, алсыз болгону. Буга кошумча ал эки жаштагы кызын каалаган учурунда көрүп, моокуму кана кучактап, өбө албаганына ичи ачышып, буркурап ыйлады.

- Мен сизге дагы бир нерсени айткым келип жатат. Жакын адамдарыңдын, айрыкча жан шеригиңдин колдоосу бул оору менен күрөшүүдө аябай маанилүү экен. Тилекке каршы, мен азыр жолдошум менен ажырашып жатам. Ал менин оорума чыдабады, мени сатып кетти десем да болот. Ал менден кызымды тартып алды. Азыр кызымды анда-санда гана көрүп турам. Жок дегенде айына эки-үч күнгө таштап кетип турушса жакшы болмок (ыйлап). Көптөгөн адвокаттарга кайрылдым. Бирок майнап чыкпады. Эмнеге азыр сизге ыйлап жатам? Ооба, азыр кызымды мен жакшылап карай албайм, бага албайм. Бирок ушул оору менен алышып жатканда адамгерчилик кылып тартып албай эле койсо болмок да. Аябай сагынып, куса болуп кетем. Мен казак жигитке турмушка чыккам. Кайненем кыргыз, атасы казак, Кордайда турушат. Казакстанда төрөгөм, кызыма Казакстандын күбөлүгү берилген, мыйзам боюнча, кыргызстандык эне казакстандык баласын атасынын уруксаты жок чек арадан алып чыга албайт экен.

Келинди азыр каражат маселеси да кыйнап турган кези. Ал дарылануу үчүн ай сайын 100 миң сом табууга аргасыз:

- Мен азыр "герцептин" деген дарыны ичип жатам. Анын бир курсу эле 25 миң сом турат, бир айда экиден курс алышым керек, ошондо 50 миң сом кетет. Мындан тышкары химиялык терапиям да бар. Андан кийин реабилитациялык дарыларды ичишим зарыл. Анын баарына бир айда 50 миң сом кетип жатат. Тамчылатма дарылар, витаминдер, айтор баары биригип бир айда 100 миң сомго чыгат. Анан химиялык терапия алып жатканда организм аябай өзгөрөт экен. Боюнда бар аялдардай болуп эле ар кайсы тамакты жегим келе берет. "Тигини жейм, муну жейм, ысып кеттим, үшүп кеттим" деп апамды кыйнайм. Байкуш апам баарына чыдап, каалаган нерсемди алып берет.

Азыркы тапта "Биз ракка каршыбыз" аттуу коомдук фонддун көмөгү менен Алинанын дарыланууга кеткен каражаттарынын бир бөлүгү жабылууда.​

"Паллиативдик жардам дээрлик жок"

Кыргызстанда өлүм алдында жаткан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү жетиштүү деңгээлде эмес. Ичээр суусу азайып калган кишилер ооруну басаңдатуучу дарыларга, дарыгерлердин сапаттуу тейлөөсүнө жете албай убара.

Кыргызстанда паллиативдик жардам алсыз
Кыргызстанда паллиативдик жардам алсыз

Улуттук онкология жана гематология борборунун 13-бөлүмүнүн дарыгери Жаңыл Кочкорова паллиативдик жардам берүү азыр Кыргызстанда өнүгүү алдында турганын билдирди:

- Биздин Улуттук онкологиялык борбордо мындай ооруга чалдыккан адамдарга жардам берген 13-бөлүм иштейт. Бейөкмөт уюмдар да каржылык жактан көмөк көрсөтүшүүдө. Мисалы, "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен үй шартында бейтаптарга жардам көрсөтүү деген долбоорубуз бар. Ооруканада гана эмес, үй шартында да паллиативдик тейлөөнү ишке ашырууга дарыгерлер менен медайымдарды үйрөтүп жатабыз. Ошондой эле туугандарына дагы көрсөтмө берип, ушундай кызматтар бар экенин айтып турабыз.

Бюрократиялык тоскоолдуктар...

"Эргене" коомдук фондунун демилгеси менен бир нече жылдан бери мобилдик дарыгерлер тобу иштеп, бейтаптардын оорусун басаңдатуу үчүн, Бишкек, Ош шаарларында кызмат көрсөтүшөт. Бирок бул кызмат өлкө аймактарында кеңири жайылган эмес.

Таалайгүл Сабырбекова
Таалайгүл Сабырбекова

Адистер оору бейтаптын жакындарын да азапка саларын белгилешкени менен, ооруну басаңдатуучу "морфин" дарысын алуу абдан кыйын экенин белгилешет.

"Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова бул жаатта төмөндөгүдөй оюн айтты:

- Райондордо бирден эле онкологдор бар. Алардын жарымынан көбү онколог эмес. Окулисттер, тиш догдурлар кошумча эле бейтаптарды тейлеп жатышат. Алар паллиативдик жардам тууралуу абдан аз билишет. Мунун баары эмнеге алып барат? Рактын акыркы стадиясы менен жашап жаткан кишинин оорусу аябай катуу болот. Жаны көзүнө көрүнүп, чабалактайт. Кечээ эле башыбыздан өткөн окуяны айтып берейин. Бизге онкологиялык борбордон "киши болбойт" деп чыгарып койгон аялдын жакындары кайрылды. Ал аябай кыйналып жаткан экен. Өзү каттоодо турган Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан ооруну басаңдатуучу "морфинге" рецепт жаздырып алыш үчүн таң аткандан күн батканча кыйналдык. Ал жактын катардагы дарыгери эмес, башкы дарыгери "морфинге" рецепт жазуунун жол-жобосун билбейт экен. Маңзат кошулган дары болгондуктан, анын рецепти кызыл болуп, катуу көзөмөлдө. Бир топ кагаз толтуруш керек. Догдурлар туура рецепт жазууну билбей, анын айынан бейтаптар да кыйналып жатат. Ошол аялга кеч киргенде биздин адистер түшүндүрүп жатып, араң рецепт жаздырып алышты. Бул эми бир эле мисал.

Кыргызстанда онкология алсыз

Өлкөдө нур менен залалдуу шишикти дарылоочу жабдуулардын жоктугу дарт менен алышкандарга бир топ кыйынчылык жаратып келет. Бул жабдууну алууга айрым бейөкмөт уюмдар кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, элден акча да чогултуп көрүшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, үч ирет тендер жарыяланып, бирок аппаратты алып келүү стадиясына жеткенде чуулгандуу чырлар менен иш токтоп калууда.

Тендер чыры быйыл да уланып, азырынча бейтаптар радиациялык нурду 1980-жылдары чыккан эски жабдуулар менен алып жатышат. Мындай жагдай калктын "ракты айыктырам" деген табып, бүбү-бакшылардан даба издөөсүнө негиз болуп жатканын адистер айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG