Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Лукашенко: Беларус эч качан Орусия Федерациясынын бөлүгү болбойт


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларус президенти Александр Лукашенко анын өлкөсү эч качан Орусия Федерациясынын бөлүгү болбойт деп билдирди. 14-декабрда Минскиде орусиялык журналисттердин алдында сүйлөгөн президент Беларус үчүн "суверендүүлүк – ыйык" деди.

"Кимдир бирөө Беларусту аймактарга бөлүп туруп Орусиянын субъектисине айланткысы келсе, андай эч качан болбойт", - деди Лукашенко. Ал Москваны мунай менен газ ресурстарын пайдаланып, Беларусту "өз аймагына камтуу" аракети үчүн айыптады.

Эки өлкө азыр кагаз жүзүндө гана калган Бирдиктүү мамлекетке бириккен жана аскерлери тыгыз кызматташат.

Беларус ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Байкоочулар орус президенти Владимир Путин эки структураны Москванын мурдагы советтик жумурияттарга таасирин арттыруу үчүн пайдаланат дешет.

XS
SM
MD
LG