Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Франция прокурору:Cтрасбургда ок аткан адам “Аллах Акбар” деп кыйкырган


Страсбургдагы аскерий күзөт. 12-декабрь, 2018-жыл.
Страсбургдагы аскерий күзөт. 12-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу 12 -декабрдагы басма сөз жыйында француз прокурору Реми Эйтз билдирди.

Ок аткан адам учурда издөөдө. Полициянын маалыматына караганда, ал - Страсбургдун 29 жаштагы тургуну Шеккат Шариф.

Шариф буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда эле эмес, Германия, Швейцарияда да жоопко тартылган. Немис полициясы Шеккат Шариф бир нече жыл мурда Германияда уурулук кылганы үчүн түрмөдө отурганын ырастады.

Буга чейин Франциянын коопсуздук кызматтары ал экстремист катары шек саналып, байкоодо турган адамдардын тизмесинде болгону аныкталганын да билдирген.

Франциянын чыгышындагы Страсбург шаарында куралчан адам 11-декабрдын кечинде Иса пайгамбардын туулган күнүнө утурлай уюшулган базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылган. Булардан тышкары 12 киши бычак жеп жараат алган.

Ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, коопсуздук чараларынын деңгээли көтөрүлдү. Чек араларда, майрамдык базарларда көзөмөл күчөтүлдү.

2015-жылдан бери Францияда исламчыл согушкерлер бир нече ирет кол салган соң коопсуздук иш-чараларынын деңгээли буга чейин да көтөрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG