Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Жээнбеков: Адам укуктарын коргоо - мамлекеттин негизги милдети


“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан конференция.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан конференция.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында "Адам укуктарынын жалпы декларациясы Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары" деген темада конференция башталды.

Анда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков адам укуктарын коргоо мамлекеттин негизги милдети экенин айтты.

- Сот адилеттиги, укук коргоо органдарындагы реформалар башталды. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирип жатат. Кыргызстанды дүйнөгө "демократиянын аралчасы" катары таанытууда биздин өлкөнүн Конституциясынын мааниси чоң, - деди Жээнбеков.

Эл аралык конференция Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганынын 25 жылдыгына, кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

10-декабрь - Адам укуктарын коргоо күнү. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктары боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. (BkA\BTo)

XS
SM
MD
LG