Эки жаштагы наристе Омар Сирияда туулган. Улуту казак. Омардын чоң атасы менен чоң апасы Казакстандын Жезказган облусундагы айылдардын биринде жашайт. Алар мындан беш жыл мурда Интернетке жарыяланган видеолордун биринен бир канча убакыт мурда Алматыга кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган уулун тааныган.
Сирияда тартылган деп жарыяланган бул видеону көргөндө Ботагөз апа эсин жоготуп жыгылган экен.
- Ушул диванда отурган жеримен куладым. Ыйладым. Эки айдан кийин келиним Жылдыз эки неберемди ээрчитип, бизге айтпай Сирияга кетип калыптыр.
Жылдыз ал кезде университетти артыкчылык диплому менен аяктап, жергиликтүү коллежде сабак берип иштеп жаткан. Бир канча убакыттан кийин ал айылдагы кайындарына уулу Омардын жана эки улуу кызынын сүрөттөрүн жөнөтө баштаган.
Аларды көргөн Мухамедкали Даниканов Сирияга барып, уулун үй-бүлөсү менен көчүрүп келүү үчүн жөнөп кетет. Ал Сирияга Түркия аркылуу жеткенин айтып берди:
- Мен ал жакта тогуз күн болдум. Эми согуш жүрүп жаткан аймакта кырдаал кыйын эле да. “Элге кайталы” дедим. Уулум болбой койду.
Жезказган шаары Сириядагы террордук топтун катарына кошулуп кеткендердин саны боюнча Казакстандын башка аймактарынын арасынан алдыда турат.
Советтер союзу маалында жез өндүрүшүнүн борбору катары саналган бул аймак соңку жылдары радикалдык исламдын чордонуна айланып баратканын жергиликтүү активисттер белгилеп жатышат.
Алардын бири 24 жаштагы Асет. Ал радикалдык исламга ыктагандар аны «каапыр» деп жаман көрүшөрүн айтты:
- Бир жолу кафеге кирсем, сакалчан эки жигит турган экен. Алар шыбырашып, эки жагын карап, сүйлөшүп жатышты. Анан мен жакты карап “каапыр, каапыр” деп көрсөтө башташты. Алар өзүн өзгөчө, таза адам сезишет. Баарын туура айтып, туура жүрөбүз деп ойлошот жана бир гана алар туура жолдо бараткандай сезишет.
Анткен менен облус борборундагы жума намазга келгендердин саны соңку жылдары кыскарып кеткени айтылды. Радикалдык исламга ыктаган жаштар намаз окуганы мечитке эмес, башка жерлерге барат.
Аскар мечитке келгендердин бири. Ал учурда балдарын Сириядан кайтарууга аракеттенген үй-бүлөлөр менен иштешип келет. Бирок ал бул иш кооптуу болуп баратканын айтты:
- Мага бирөөлөр телефон чалып, “Сенин эмне ишиң бар? Биздин ата- энелерибизди ээрчитип бир жакка барганга сенин кандай акың бар? Эмне биз сенден сурандыкпы? Эгер биздин тилди албасаң, өлүмгө даярдан" деп коркутууга өтүштү, - дейт Аскар.
Аскар азыр Омардын чоң ата чоң энесине да неберелерин Сириядан алып келүүгө жардамдашып жатат. Бирок эч майнап чыга элек.
Мухамедкали Сирияга экинчи жолу да барып, өзү жалгыз келди.
- Мен биринчи жолу барганда уулума жолуктум эле. Кийин дагы барганымда кайтыш болгонун айтышты. Неберелерим мени менен кетүүгө макул болушту, бирок келиним баш тартты, - деп оор үшкүрүндү.
Казакстандын Улуттук Коопсуздук боюнча комитетинин расмий маалыматына караганда Сирия менен Ирактагы куралдуу кагылышуулар башталганы ал жактардагы террордук уюмдардын катарына 800дөй казакстандык жаран кошулуп кеткен.
Согуш талааларында 280ге чукул киши курман болгону кабарланган. Аталган комитеттин билдирүүсүнө караганда, Сириядагы жаңжалга мыйзамсыз аралашканы үчүн айыпталып, Казакстанга кайтып баргандан кийин абакка алтымыш жаран кесилсе, Ирактагы согушка катышканы үчүн жыйырма адам эркинен ажыратылган. Сириядагы лагерлерде балдарын ээрчиткен кыргыз кыз-келиндери да бар экени маалым болгон.