"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Европа Биримдигиндеги булактарынын кабарлашынча, уюм Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта шайлоо өткөрүүгө байланышы бар тогуз кишиге санкция салат. "Кара тизмеге" алгач беш кишинин ысымы киргизилген, бирок Польша жана башка өлкөлөр дагы төрт кишини сунуштаган. Акыркы тизмени Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери кийинки жумада Брюсселдеги жолугушуусунда кабыл алат.
Евробиримдик буга чейин Украинанын чыгышындагы Орусиянын аракеттерине байланыштуу санкциялык тизмеге 155 адамды жана 44 компанияны киргизген. Алар Европа Биримдигине киргизилбейт жана активдери камакка алынат.
11-ноябрда өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алган орусиячыл күчтөр аймакта шайлоо өткөргөн. Жараянды Киев, эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери тааныган эмес. Москва бул добуш берүү 2014-2015-жылдары кол коюлган, аймакта тынчтык орнотуу боюнча Минск келишимине карама-каршы келбейт деп билдирген.
2014-жылы мурдагы украин президенти Виктор Януковичке каршы элдик көтөрүлүштөн жана Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алгандан кийин жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын ээлеп алышкан. Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген. Кремль "Орусия жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деген дооматтарды четке кагып келет.
Донбасстагы куралдуу жаңжал 10,5 миңден көп кишинин өмүрүн алды.