Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Ооганстан: талибдердин өз ара кармашынан 30га жакын согушкер өлдү


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын расмий адамдарынын кабарлашынча, “Талибандын” бири бирине каршы эки тобунун кагылышынан ондогон согушкер набыт болду. Герат провинциясынын губернаторунун өкүлү Жилан Фархад 30-ноябрда Шиндон аймагындагы кагылышта 28 согушкер өлүп, 25и жаракат алганын маалымдады.

Кабарларга караганда, кармаш “Талибандын” азыркы жетекчилигин колдогон Хайбатулле Ахундзаде Молдонун кошууну менен ага каршы Расул Молдонун желдеттеринин ортосунда болгон. Расул молдо “Талибанды” ичинен бөлүү үчүн ооган атайын кызматтарынан колдоо жана курал-жарак алары айтылып жүрөт.

“Талибан” мурдагы лидери Мухаммад Омар Молдонун өлгөнүн 2015-жылы жарыялаган. Бирок ооган өкмөтү ал Пакистандын Карачи шаарында андан эки жыл мурда эле көз жумганын кабарлаган. Ушундан кийин Расул Молдо сыяктуу айрым талибдер жетекчиликти Омор Молдонун өлгөнүн жашырган деп айыптап, кийинки дайындалган лидерлерин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG