Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Трамп Путин менен Аргентинада жолукпай коюшу мүмкүн


Дональд Трамп жана Владимир Путин Хелсинкиде кездешкен учур. 16-июль, 2018-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин Хелсинкиде кездешкен учур. 16-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу АКШнын президенти өзү билдирди. Дональд Трамптын айтымында, Орусия Украинанын моряктарын деңизден кармап кеткенинен улам ал президент Путин менен Аргентинада, "Чоң жыйырманын" саммити учурунда мерчемделген жолугушуусун токтотууну караштырып жатат.

Трамп “The Washington Post” гезитиндеги маегинде белгилегендей, ал азыр улуттук коопсуздук боюнча топтун 25-ноябрдагы окуя боюнча толук баяндамасын күтүп жатат.

“Бул чечүүчү жагдай болот. Мен балким жолукпайм (Путин менен). Мага бул агрессия жаккан жок”, - деди Трамп гезиттеги маегинде.

Трамп Путин менен "Чоң жыйырманын" 30-ноябрь, 1-декабрь күндөрү Буэнос-Айресте өтүүчү саммитинин алкагында кездешмек.

Мурдараак улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтондун билдиргенине караганда, ал жолугушууда коопсуздук, куралды көзөмөлдөө, Жакынкы Чыгыш, Украина маселелери талкууланмак.

"Трамп Путин менен кездешүүдөн баш тартышы мүмкүн" деген маалыматка тушташ Европа лидерлери Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү караштыруу зарыл экенин айтып чыгышты. Батыш Керч кысыгындагы жаңжал боюнча Украинанын турумун колдоду.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 23 морягын кармап кетип, алардын 12син эки айга камакка алды. (UE)

XS
SM
MD
LG