Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Финполиция: “Акнетти” текшерүү анын ишине жана сапатына таасир этпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын баш кеңсесиндеги ыкчам тергөө иштери боюнча түшүндүрмө жарыялады. Анда ишкананы текшерүү “Акнеттин” ишине жана кызматтардын сапатына таасирин тийгизбей турганы айтылган.

“Акнет" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери 23-ноябрда митингге чыгып, ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушкан. Алар соңку жагдайлар жумушка терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышкан. Компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын билдиришкен.

"Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын баш кеңсесин Финансы полициясы 22-ноябрда текшерүүгө алган.

Финансы полициясы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") беренеси менен иш козгогон. Мекеме компаниядан өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу боюнча документтерди табууга жана алууга санкцияланган тинтүү жүргүзгөнүн, анын негизинде тергөөгө керектүү документтер алынганын, алар кызмат көрсөтүүгө жана иштин сапатына эч кандай таасир этпей турганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG