Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиянын үч окуучусу мектепте жүрүп жаткан ремонт учурунда газга ууланганын, бирок учурда абалы жакшы экенин "Азаттыкка" гимназиянын директору Мурат Касымбеков кабарлады.
- Мамлекеттик бюджеттен жылуулук системаларын оңдоого акча кеч бөлүнүп, тендердин жол-жобосу бүткүчөктү ремонт иштери 16-ноябрда башталды. Биз негизги трассалардагы жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштырганда класстарды окутпай жылдырып атканбыз. Кичинекей балдарга кызык болуп, алар ширетип жаткан жерди барып карап тура берип газга ууланып калышыптыр. "Башыбыз айланып атат" деп келген экен, сыртка чыгарып аларды таза аба менен дем алдырган соң өзүнө келип, сабакка кирип кетишти. Ата-энелери келгенде мен алардан кечирим сурадым. Ал эми "ооруканага түштү" деген маалымат чындыкка төп келбейт, - деди Мурат Касымбеков.
Буга чейин "Азаттыктын" "Инстаграмдагы" баракчасына аталган окуу жайынын окуучулары "мектеп жетекчилиги сабак учурунда ремонт иштерин жүргүзүп жатат" деп арызданып кайрылышкан. Алар натыйжада үч окуучу газга ууланганын айтышкан эле. (KR)