24-ноябрда өткөн курултай бийликтин колдоосу менен уюштурулган эмес. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди:
- Азыркы учурда "бул курултайды өткөрүүгө бийлик кол кабыш кылды, бул бийликтин тапшырмасы" деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Биз курултайды өткөрүүгө 170 миң сом коротобуз деп пландап, азыр андан 15 миң сомдой артып калды. Биз курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына толугу менен киришебиз.
Өткөн ишембиде Кыргызстанда саясий күчтөрдүн курултайы өткөн. Курултайдын жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата "бийликти узурпациялап, бир колго топтогон" деген терс баа берилсе, жыйынга катышкандар азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин канааттандырарлык деп табышты. (KR)