Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Евробиримдиктин лидерлери Брексит келишимин жактырышты


Жыйырма айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуусу боюнча эки негизги документти жактырды. Мындай чечим уюмдун 27 өлкөсүнүн лидерлеринин Брюсселде 25-ноябрда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Лидерлер жактырган 585 беттен турган келишимде Британия 2019-жылдын 29-мартында Евробиримдиктен кандай шарттар менен чыгары жазылган. Ошондой эле Лондон менен Брюсселдин келечектеги кызматташуусу тууралуу саясий декларация да колдоо тапты.

Негизги келишимди Британиянын парламенти ратификациялашы керек. Премьер-министр Терезе Мэйдин консерваторлор партиясынын өкүлдөрү баш болуп, көптөгөн британ мыйзам чыгаруучулары аны колдобой турганын билдирип жатышат.

Тереза Мэй бул документти мунаса табууга "мүмкүн болгон жалгыз келишим" деп атап, парламент декабрь айынын соңуна чейин бул маселе боюнча добуш бере турганын айтты.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан көбү Евробиримдиктен чыгууну жакташкан. Жол картага ылайык, Британия кийинки жылдын март айында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу керек.

XS
SM
MD
LG