Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшевдин ата-энелери айтышып, урушуп кетти.
Сотко катышып жаткан кабарчыбыз Айгерим Акылбекова кабарлагандай, сот аларды залдан чыгарууга аракет кылганына карабай отурум өтүп жаткан бөлмөдө чатакташуу он мүнөтчө созулду. Сакчылардын аралашуусунан кийин гана тараптар сыртка чыгышты.
Мунун алдында эле айыпталган Марс Бөдөшевдин досу, экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов сотто көрсөтмө берди. Ал эми Бөдөшев өзү даяр эмес экенин, кийин сурак бере турган айтты.
Ушу кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү. Айыпталуучу Марс Бөдөшевдин жактоочулары иш боюнча кошумча күбөлөрдү чакырууну суранганы кабарланган.
Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган. Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (AiA\ErN)