Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Бурулайдын иши боюнча экинчи айыпталуучу окуянын чоо-жайын айтты


Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов.

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу айыпталган Марс Бөдөшевдин досу, экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов сотто көрсөтмө берди. Ал кызды ала качканын билбегенин жана окуя болгон учурда рулда болбогонун айтты:

- Бурулайды ала качканын билген эмесмин. Марс менен айылга кетмекпиз, жолукканда машинеде бир кыз отуруптур. Марс аны “тууганым” деп айткан. Унчукпай эле отурган. Сосновкадан бизди кармашты. Үчөөбүздү райондук ички иштер башкармалыгына алып барышты. Бурулайды "ата-энең менен сүйлөшүп ал" деп киргизишкен. Мен тамеки тартканы сыртка чыккам. Анан ызы-чуу болгондо киргем. Окуя бүткөндөн кийин жактоочусу жок мени суракка алышкан. "Машинени мен айдагам" деп жазып беришимди айтышкан. Кийимдерибизди текшеришкен, - деди ал.

Сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ушу кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү. Айыпталуучу Марс Бөдөшевдин жактоочулары иш боюнча кошумча күбөлөрдү чакырууну суранганы кабарланган.

Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган. Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG