Киевде Евромайдан окуяларынын от алганына беш жыл болгонуна байланыштуу эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге ошол кездеги президент Янукович 2013-жылдын ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин андан дароо баш тарткан.
21-ноябрда башталган нааразылык акциялары кышы менен токтобой, февраль айында Янукович бийликтен кулатылган.
- Мен үч ай бою Майданда болуп, өз колум менен аларга бутерброд, чай алып келип тургам. Алардын эрдиги ыйык. Алар биздин келечек үчүн күрөштү. Майдан аяктай элек. Революция уланып жатат, - деди эскерүүгө катышкан аялдардын бири.
Киевдин борбордук аянтындагы нааразылык акцияларынан 100дөн ашык киши курман болгон. Активисттерге каршы ок атуу боюнча козголгон кылмыштардын көбүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын атайын иликтөө башкармалыгынын башчысы Сергей Горбатюк 21-ноябрда Киевдеги басма сөз жыйынында билдирди:
- Беш жыл мурдагы окуялар боюнча 30 000 миңдей тергөө амалдары жүргүзүлүп, 15000 адамдын ага катышы бар-жогу текшерилген. Алардын жыйынтыгында 442 шектүү катары саналып, анын ичинен 279 адамга айып коюлган. Ушул күнгө чейин 52 адамга өкүм чыгарылган. Митингчилерди аткан окуялар боюнча 56 кишиге айып коюлган.
Кылмыш иши козголуп, айып коюлгандардын арасында өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Виктор Янукович да бар. Башкы прокуратура ага “Мамлекеттик чыкынчылык” беренеси менен айып таккан жана аны он беш жылга абакка кесүүнү суранган. 2014-жылдан бери Орусияда жашаган Янукович эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, сот жараянына сырттан, видеобайланыш аркылуу катышып келет. Ага декабрда сот өкүмү чыгышы мүмкүн.
Москва украин бийлигине батышчыл күчтөр келгенден кийин март айында Крым жарым аралын өзүнө каратып алган. Ага удаа эле Орусия колдогон жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарында өз алдынча "республика" жарыялашкан. Батыш Орусияга Крымды аннексиялап, украин өкмөтү менен согушуп жаткан жикчилдерди колдогону үчүн бир канча жолу санкция салган. Кремль болсо өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келе жатат.
- Мындай адамдар бийликте турган кезде бул аймактарда маселе тынч жол менен чечилишине үмүт артуу оор. Ошентсе да биз башка жол жок деп эсептейбиз. Баары бир тил табышуу керек болот. Келечекте өлкөнү башкара турган адамдар ким болбосун, алар менен кызматташабыз. Тынчтыктан башка жол жок. Ошондуктан Минск келишимин аткаруу керек, - деди өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге.
Украинада келерки жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. “Евромайдан окуялары өз максатына жеттиби?” деген суроого украиндер так жооп бере албай келатышат. Анткени беш жылдын ичинде Донбасстагы уруштарда 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылса, өлкө экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип, саясий реформалардын баары тең эле ийгиликтүү ишке ашып кеткен жок.