28 жаштагы Умида аты-жөнүн ачык айтуудан тартынат. Ал акыркы эки жылдан бери Түркияда иштеген өзбекстандык мигрант аялдардын социалдык абалын изилдеп келатат.
Умида Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы визасыз жүрүүнүн 90 күнгө чейин узартылышы өзбек мигранттарына терс таасирин тийгизет деген ойдо:
- Өзбекстандан Түркияга келген мигранттардын арасында аялдар басымдуулук кылат. Өзбек эркектер Орусияга кетишсе, аялдар Түркияга агылып келип жатышат. Дээрлиги мыйзмасыз, оор жумуштарда иштешет. Мурун Өзбекстандын жарандарына бир айлык гана визасыз мөөнөт бар болчу. Эми үч ай жүрө алышат. Бирок бул жагдай эмгек мигранттарды жыргатып жиберет деген ойдон алысмын. Өзбек мигранттардын саны көбөйгөн сайын алардын кадыры түшүп, болбогон акчага да иштеп калышат.
Умида Стамбул шаарында өзбекстандык мигранттар менен чогуу жашап, бир жылдан бери социалдык сурамжылоо жүргүзүү менен алек. Ал өзгөчө Өзбекстандан иштегени келген аялдардын иштөө шартын, укук-милдеттерин изилдейт.
Умида Борбор Азиядагы өлкөлөр менен Түркиянын саясий жана экономикалык алакаларынын бекемдеши мигранттарга да түздөн-түз таасирин тийгизээрин баса белгиледи:
- Жарыяланган үч айлык визасыз мөөнөт бир четинен Өзбекстандан жаңы келчү мигранттарга чоң мүмкүнчүлүк берет. Анткени Түркияга келген мигрант үч ай иштеп, акча табалбаса кайра кете берет. Мигранттардын баары жыргаган жашоодон улам келбейт. Өзгөчө өзбек аялдардын мойнунда оор түйшүк бар. Айла жоктон чет өлкөгө чыгышат. Бирок Түркиядагы өзбек аял мигранттардын басымдуу бөлүгү билими жетишпегендиктен, өз укуктарын билбей келишет. Андыктан эмгек визасын ачтырып мыйзамдуу иштеген өзбектер салыштырмалуу өтө аз.
Түркиянын Ички иштер министрлигинде Өзбекстандын 30 миңден ашык жараны расмий катталган. Алардын эки миңге жакыны гана эмгек визасы менен мыйзамдуу иштешет. Түрк жергесине үй кызматтарына жана кара жумушка келген мигранттар мыйзамсыз же туристтик виза менен келип эле иштеп калышат.
Эмгек мигранттарга байланыштуу суроолор менен алектенген серепчи Мурат Эршахин Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен визасыз мөөнөттүн үч айга узарганы бул жерде туруктуу иштеп жаткан мигранттарга бир топ оорчулук жаратарын белгиледи:
- Борбор азиялык мигранттардын эмгек визасын алуу жараяны боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. "Мыйзамдуу иштейм" деген ар бир чет өлкөлүк Түркияда тийиштүү документтерди тапшырып виза алышы керек. Бул жаатта түрк консулдуктар керектүү маалыматтарды берип жатат деген ойдомун.
Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук
Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук
Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.
2015-жылы Орусия менен Түркиянын алакасы сууп кеткенине байланыштуу орусиялык туристтердин саны эки эсе азайган. Бул жагдай Түркиянын туризм тармагына да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Эл аралык мамилелер боюнча серепчи, доцент Сердар Йылмаздын пикиринде, 90 күндүк визасыз мөөнөткө уруксат берилгени экономикалык, саясий жана маданий жакындашууну көздөйт.
- Түркиянын түрк тилдүү мамлекеттердин жарандарына визасыз мөөнөттү узартуу чечими, негизинен ал өлкөлөр менен мамилелерди чыңдоого багытталган. Анткени мындай кадам мамлекеттердин бири-бирине болгон ишенимин арттырат. Ал эми Тажикстан жана Өзбекстандан Түркияга иштөөгө келген мигранттардын саны артпайт. Анткени чет өлкөлүк жарандар, Түркияда визасыз эле тобокелге салып, мыйзамсыз жүрө беришет. Түркия Түркмөнстандан тышкары бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына виза жагынан көп жеңилдиктерди берип жатат, алардан дагы ошондой мамилени күтөт.
Түркияда ушул жылдын ноябрь айында 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 383 миңи кыска мөөнөттүк туристтик виза менен иштеп калышат. Ал эми эмгек визасы менен жүргөн мигранттардын саны 56 миңге жакын.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин статистикасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны жагынан Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылат.
2018-жылы Түркияда 20 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштешет.