Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:42

Мамкаттоо Кулматовдун паспорту боюнча арызын кайтарып алды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда доогер арызды кайтарып алганы, буга байланыштуу соттук жараян токтотулганы белгилүү болгон.

21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Буга чейинки отурум аталган кызматтын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугуна байланыштуу жылдырылган.

Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалаган. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтып жатышат. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG