Унутулган "саясий туткундар"
Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчылардын ишин кайра кароо маселеси күн тартибине чыгууда. Айрымдар мыйзамсыз камалгандарды абакта кармап туруу азыркы бийликке абийир алып келбей турганын эскертсе, ошол эле учурда башка бир талдоочулар президент сот иштерин кайра каратууга кийлигише албай турганын билдирүүдө. Соттолгон саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайлар менен кароого эмне себептен мүмкүнчүлүк берилбей жатат? Студиянын бүгүнкү коноктору – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Жогорку Кенештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт