"ABBAны" туураган айылдыктар
Ош облусунун Ноокат районунда жашаган жубайлар Дилярам Таштемирова менен Абдималик Алимкулов жана гитарист Абиш Тагаев өмүрүн дээрлик музыкага арнаган адамдар. Алар каатчылык өкүм сүрүп турган 90-жылдары да бул ышкысын таштаган эмес. Соңку жылдары элдин табити өзгөргөнбү айтор кайра жандуу аспаптар, табигый үн менен ырдаган элеттик музыканттарды той-топурларга чакыргандар көбөйө баштаптыр. Элеттик музыка ышкыбоздору тууралуу бул тасмада кеп болот.