Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Сот Калиевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Биринчи май райондук сотунда 26-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишин кароо уланды.

Жараянда айыпталуучулардын бири "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев аны үй камагына чыгарууну өтүндү. Буга "Калиевдин ЖЭБдеги аварияга тиешеси жок, аялы кош бойлуу, ал көп балалуу үй-бүлөнү жалгыз багып келген" деген жүйө келтирди. Мамлекеттик айыптоочу тарап буга каршы чыгып, айыпталуучулар казынага миллиондогон зыян алып келгенин, үй камагына чыгарылса качып кетиши мүмкүн экенин айтты. Натыйжада сот адвокаттын өтүнүчүн четке какты.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизация боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту бул кылмыш иштерининин бирин 12-октябрдан тартып териштире баштаган. Бүгүн, 26-октябрда үчүнчү жараян болду. Кийинки сот 2-ноябрга белгиленди.

Бул иш боюнча Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кезде иштеген алты жетекчиси айыпталууда. Мындан тышкары мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин техникалык авария жана ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча төрт кылмыш иши козголгон, бир катар жетекчилер камакка алынган.

Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG